15-ноябрь: Рухий күрөштө жардам берген убадалар

Jakshy Kabar Media

15-ноябрь: Рухий күрөштө жардам берген убадалар

Жон Пайперден насаат сөз

«Коркпо, анткени Мен сени мененмин, үрөйүңдү учурба, анткени Мен сенин Кудайыңмын. Мен сени бекемдейм, сага жардам берем. Мен сени Өзүмдүн адилеттигимдин оң колу менен колдойм».

Ышайа 41:10

Мени кандайдыр бир жаңы, тобокел иш же жолугушуу сарсанаа кылып жатса, өзүм эң көп колдонгон убадалардын бири болгон Ышайа 41-бөлүм 10-аяттын жардамы менен шектенүүгө каршы күрөшөм.

Германияда окууга үч жылга кеткен күнү атам мага алыскы Нью-Йорктон телефон чалып, ушул аяттагы убаданы эстетип, шыктандырган эле. Үч жыл бою катуу кыйынчылыктарга кабылган маалдарда, кулап калбаш үчүн, өзүмө бул убаданы жүз ирет эстетсем керек.

Акылым эч нерсе менен алек болбой, бош турганда, Ышайа 41-бөлүм 10-аяттагы убада ички дүйнөмдө акырын жаңырып тургансыйт. Мен бул аятты жакшы көрөм.

Албетте, бул аят согушта менин ишенимимди коргогон жалгыз гана канжар эмес.

Кылып жаткан кызматым пайдасыз жана натыйжасыз болуп жаткан жокпу деп тынчсызданганда, Ышайа 55-бөлүм 11-аяттагы убаданы колдонуп, ишенбестикке каршы күрөшөм: «Ошол сымал Менин оозумдан чыккан сөз да кайра Өзүмө бекер кайрылып келбейт. Мен эмнени кааласам, ошону аткарат, Мен аны эмнеге жиберсем, ошону жүзөгө ашырат».

Жумушумду аткарууга өзүмдү дарманы жоктой сезип жатсам, Ыйса Машаяктын 2 Корунттуктар 12-бөлүм 9-аяттагы «Менин сага болгон ырайымым жетиштүү. Анткени Менин күчүм алсыздыкта жеткилең болот» деген убадасын эстеп, ишенбестикке каршы күрөшөм.

Келечекке тиешелүү чечим кабыл алууда тынчсызданып жатсам, төмөнкү убаданы колдонуп, ишенбестикке каршы күрөшөм: «Сени акылга келтирем, кайсы жол менен жүрүшүң керек болсо, ошол жолго салам, сени башкарып жүрөм, Менин көзүм сенин үстүңдө» (Забур 31:8).

Каршылаштарым менен беттешүү жөнүндө ойлонуп, тынчсызданганымда, Римдиктер 8-бөлүм 31-аяттагы убаданы эстеп, ишенбестикке каршы күрөшөм: «Эгерде Кудай биз тарапта болсо, бизге ким каршы чыга алат?»

Жакындарымдын сак-саламаттыгы жөнүндө ойлонуп, тынчсызданганымда, Матай 7-бөлүм 11-аяттагы убаданы эстеп, ишенбестикке каршы күрөшөм: «Силер жаман болуп туруп, балдарыңарга жакшы нерселерди бергенди билсеңер, анда Асмандагы Атаңар Өзүнөн сурагандарга жакшы нерсени берери анык».

Ошентип, Ыйык Жазуудагы ар бир убаданы колдонуп, ишенбестикке каршы күрөшүңүз. Алардын ичинен эң негизги жана дароо колдоно алган курал катары бир аяттын болуусу маанилүү. Мен үчүн мындай аят – Ышайа 41:10-аят: «Коркпо, анткени Мен сени мененмин, үрөйүңдү учурба, анткени Мен сенин Кудайыңмын. Мен сени бекемдейм, сага жардам берем. Мен сени Өзүмдүн адилеттигимдин оң колу менен колдойм». Бул кандай гана баалуу убада!

«Келечектеги Ырайым» аттуу китептен үзундү, 58–59-беттер.