7-сентябрь: Кудай жиберген душмандар жана Кудай берген ишеним

Jakshy Kabar Media

7-сентябрь: Кудай жиберген душмандар жана Кудай берген ишеним

7-сентябрь
Кудай жиберген душмандар жана Кудай берген ишеним
Жон Пайперден насаат сөз

«Бирок Машаяктын Жакшы Кабарына татыктуу жашагыла… Силерге каршы чыккан адамдардан эч коркпогула… Анткени силерге Машаякка ишенүү гана эмес, Ал үчүн азап чегүү артыкчылыгы да берилген».

Филипиялыктар 1:27-29

Пабыл филипиялыктарга Машаяктын Жакшы Кабарына татыктуу жашоо душмандардан коркпоо дегенди билдирерин айткан. Андан соң коркпоо үчүн, кандайча ой жүгүртүү керектигин көрсөтүп берген.

Ал ой жүгүртүү мындай: Кудай силерге бир эмес, эки белек – ишеним жана азап чегүүнү берген. 29-аят ушундай дейт: «Анткени силерге Машаякка ишенүү гана эмес, Ал үчүн азап чегүү артыкчылыгы да берилген». Ишенүү жана азап чегүү артыкчылыгы берилген.

Жагдайды эске алып айтканда, бул сөздөрдүн мааниси төмөнкүдөй: Азап чегип жатканда ээ болгон ишенимиңер жана чеккен азаптарыңар – Кудайдын белеги. Пабыл: «Душмандарыңардан коркпогула», – дегенде, анын оюнда эмне үчүн коркпоо керектигинин эки себеби болгон:

Биринчи себеби – душмандардын Кудайдын колунда болгондугу. Алардын каршылыгы – Кудайдан келген белек. Муну Ал көзөмөлдөп турат. 29-аяттагы биринчи ой ушул.

Коркпоо керектигинин экинчи себеби – бул биздин эр жүрөктүгүбүз, б.а. ишенимибиз да Кудайдын колунда болгондугу. 29-аяттагы экинчи ой ушул.

Демек, азап чеккенде коркпошубуз керектигинин эки себеби бар: Чеккен азаптарыбыз да, андай жагдайлардагы ишенимибиз да – Кудайдын белеги.

Эмне үчүн ушундай жашоо «Машаяктын Жакшы Кабарына татыктуу жашоо» деп аталат? Себеби Жакшы Кабар – бул бизге түбөлүккө жакшы болушу үчүн, Машаяктын келишимдик каны Кудайдын Өз элине ишеним беришине жана душмандарды башкарышына биротоло жол ачкандыгы тууралуу кубанычтуу кабар. Жакшы Кабар ушундай нерсени биротоло ишке ашырды. Андыктан биздин коркпой жашашыбыз Жакшы Кабардын күчүн жана жакшылыгын көрсөтөт.

Андыктан коркпоңуз. Сиздин душмандарыңыз Кудай уруксат бергенден ашыкча эч нерсе кыла албайт. Анын үстүнө, Кудай сизге керектүү болгон ишенимди да берет. Бул убадалар кандын баасына сатылып алынган. Булар Жакшы Кабардын убадалары.

«Коркпоо керектигинин себеби» аттуу насааттан үзүндү.