6-сентябрь: Ар дайым жаныбызда болгон кудуреттүү сүйүү

Jakshy Kabar Media

6-сентябрь: Ар дайым жаныбызда болгон кудуреттүү сүйүү

6-сентябрь
Ар дайым жаныбызда болгон кудуреттүү сүйүү
Жон Пайперден насаат сөз

«Бизди Машаяктын сүйүүсүнөн ким ажырата алат? Кайгыбы, кысымчылыкпы, куугунтукпу, ачкачылыкпы, жылаңачтыкпы, коркунучпу, кылычпы?»

Римдиктер 8:35

Римдиктер 8:35-аяттан үч нерсени байкаңыз.

1. Ыйса бизди азыр да сүйүп жатат.

Аял көзү өтүп кеткен күйөөсү жөнүндө: «Мени анын сүйүүсүнөн эч нерсе ажырата албайт», – дегенде, муну менен ал күйөөсүнүн таттуу жана күчтүү сүйүүсүн өмүр бою унутпай турганын айтып жаткан болушу мүмкүн. Бирок Пабылдын айтайын дегени башка.

Римдиктер 8-бөлүм 34-аятта ал: «Өлүп, кайра тирилген, Кудайдын оң жагында отурган Машаяк Ыйса биз үчүн арачылык кылат», – деп ачык айтат. Пабылдын бизди Машаяктын сүйүүсүнөн эч нерсе ажырата албарын айтканынын себеби Машаяк тирүү экендигинде жана азыр да бизди сүйүп жаткандыгында.

Ал Кудайдын оң жагында отурат, ошондуктан биз үчүн бийлик жүргүзүп жатат. Анын үстүнө, Ал биз үчүн арачылык кылып жатат, демек Ал Өзү ишке ашырган куткарылуу бизди ар бир саатта сактап, аман-эсен асманга жеткирип, түбөлүктүү кубанычка бөлөшү үчүн кам көрөт. Ал сүйүү биздин эсибизде эле калып калган элес эмес, кудуреттүү жана тирүү Кудайдын Уулунун бизди түбөлүктүү кубанычка бөлөө үчүн, ар бир саамда жасаган иши.

2. Машаяктын бул сүйүүсү бизди чындап эле Андан ажыратпайт, андыктан ал жалпы адамзатка эмес, Анын элине – Римдиктер 8-бөлүм 28-аятта сөз болгон Кудайды сүйгөндөргө, Анын каалоосу боюнча чакырылгандарга карата болгон өзгөчө сүйүү.

Эфестиктер 5:25-аятта ушундай сүйүү жөнүндө сөз болот: «Күйөөлөр, аялыңарды Машаяк Жыйынды сүйгөндөй сүйгүлө. Машаяк Жыйын үчүн Өзүн берген». Бул Машаяктын Өзүнүн колуктусу жыйынга болгон сүйүүсү. Машаяктын жалпы адамзатка болгон сүйүүсү жана ошондой эле Өзүнүн колуктусуна болгон өзгөчө, куткаруучу, сактоочу сүйүүсү бар. Сиз Машаякка ишеним артсаңыз, сиз да Анын колуктусуна таандык экениңизди билесиз. Машаякка таянган ар бир адам: «Мен Анын колуктусуна, Анын жыйынына, Ал чакырып алган жана тандап алган элге таандыкмын, Римдиктер 8:35-аятта айтылгандай, «түбөлүккө сакталган жана корголгондордун бирөөсүмүн», – деп айта алат.

3. Бизди коргоп турган бул кудуреттүү жана майнаптуу сүйүү бул жашоонун кырсыктарынан бизди алыс кылбайт, бирок ошолордон да аман-эсен өткөрүп, Кудайдын түбөлүктүү кубанычына бөлөйт.

Биз эртеби кечпи өлөбүз, бирок өлүм бизди Кудайдан ажырата албайт. Андыктан Пабыл 35-аятта бизди Машаяктын сүйүүсүнөн «кылыч» да ажырата албарын айтканда, кеп бизди бирөө өлтүрсө да, Машаяктын сүйүүсүнөн ажырата албай тургандыгында болуп жатат.

Демек, 35-аяттагы кептин төркүнү мында: Ыйса азыр ушул маалда ар бир саамда Өзүнүн кудуреттүү сүйүүсү менен бизди сүйүп жатат; ал сүйүү бизди кырсыктардан дайыма эле сактай бербейт, бирок биз азап чексек да, өлүмгө дуушар болсок да, ал сүйүү бизди алардан аман-эсен алып өтүп, түбөлүктүү кубанычка бөлөйт.

«Машаяктын сүйүүсүнөн бизди эч нерсе ажырата албайт» аттуу насааттан үзүндү.