5-сентябрь: Машаяктын сүйүүсүнүн максаты

Jakshy Kabar Media

5-сентябрь: Машаяктын сүйүүсүнүн максаты

5-сентябрь
Машаяктын сүйүүсүнүн максаты
Жон Пайперден насаат сөз

«Ата! Сенин Мага бергендериң да Мен болгон жерде Мени менен бирге болушун жана Мага берген даңкыңды көрүшүн каалайм. Анткени Сен Мени дүйнө жаратыла электе эле сүйчүсүң».

Жакан 17:24

Ыйсага ишенгендер Кудай үчүн ушунчалык кымбат (биз Анын колуктусубуз!). Ал бизди ушунчалык катуу сүйгөндүктөн, өзүбүздүн баркыбызды кудай кылып алышыбызга жол бербейт.

Биз чындап эле Кудай үчүн ушунчалык маанилүүбүз (Ал бизди Өзүнүн үй-бүлөсүнө бала кылып алды!), бирок Ал муну биз көңүлүбүздү өзүбүзгө бурбай, Анын улуулугунан ырахат алышыбыз үчүн кылды.

Өзүңүздү сынап көрүңүз. Эгерде Ыйса сиз менен бир күндү чогуу өткөрүү үчүн келип, сиздин жаныңызга отуруп: «Мен сени чындап эле сүйөм», – десе, анда Аны менен өткөргөн бир күндө көңүлүңүздү эмнеге бурмаксыз?

Менимче, өтө эле көп ырлар жана насааттар бул суроого туура жооп бербейт. Аларды угуп отурсак, Ыйсанын бизди сүйгөнүн сезүү жана убактылуу жыргал сезимдерге ээ болуу эң чоң кубаныч турбайбы деген ой жаралат. «Ал мени сүйөт!» «Ал мени сүйөт!» Албетте, бул чоң кубаныч. Бирок эң чоң кубаныч жана көңүл бурушубуз керек болгон эң маанилүү нерсе бул эмес.

«Ыйса мени сүйөт!» – дегенибизде, эмнени айткыбыз келет? Мунун мааниси кандай? «Анын сүйүүсүн сезүү» деген эмне?

Машаяктан көзүбүздү албай, Анын улуулугуна суктансак, эң чоң кубанычыбыз ошондон келет эмеспи жана ошондо Аны эң көп даңктайт эмеспизби!

  • Ал эң татаал суроого жооп берет, Анын акылмандыгы укмуш.
  • Кир жана жыттанган жаратыбызга колун тийгизет, Анын боорукердиги укмуш.
  • Ооруканада өлгөн аялды кайра тирилтет, Анын кудурети укмуш.
  • Түштөн кийин эмне болорун билгизет, Анын алдын ала билүүсү укмуш.
  • Жер титирип жатса да Ал былк этпейт, Анын коркпостугу укмуш.
  • «Мен Ыбрайымдан мурун эле бар болчумун», – дейт (Жакан 8:58), Анын сөздөрү ажайып.

Аны менен кечке чейин чогуу жүрөбүз, абдан суктанабыз Ага, иштерин көрүп далайын.

Анын сүйүүсү эмне? Ал биз үчүн эмне кылышы керек болсо, ошону кылганга (атүгүл биз үчүн өлгөнгө да) Анын даярдыгы, бизди Өзүнүн улуулугу менен өлтүрүп салбастан, тескерисинче Өзүнө суктандыргысы келгени эмеспи? Куткарылуу, курмандыктын чалынуусу, кечирим алуу, акталуу, элдешүү – мунун баары ишке ашышы керек. Анын сүйүүсүнүн иштери ушулар.

Бирок Ага ушундай иштерди сүйүү менен жасаганынын максаты – бул биздин Аны менен болушубуз, Анын көздү уялткан даңкын көрүп, Ага айран таң калышыбыз. Ушундай болгондо – Өзүн Ыйса аркылуу ачып берген Кудайды таанып, Ага суктанганыбызда, биз өзүбүздү унутуп коёбуз.

Ошондуктан мен жыйын жетекчилеринен жана окутуучулардан өтүнөм: Кудайдын элин Машаяктын сүйүүсүн көрсөткөн иштерди көрүп, алар аркылуу Анын сүйүүсүнүн максатына жеткенге шыктандыргыла. Эгерде куткарылуу, курмандыктын чалынуусу, акталуу жана элдешүүнүн натыйжасында биз Ыйсанын Өзүнөн кубаныч таппасак (Андан ырахат албасак), анда Анын сүйүүсүн али тааный элекпиз.

Ушул нерсеге умтулгула. Жакан 17-бөлүм 24-аятта Ыйса ушул үчүн сыйынган: «Ата! Сенин Мага бергендериң да Мен болгон жерде Мени менен бирге болушун жана Мага берген даңкыңды көрүшүн каалайм».

«Ыйсанын сүйүүсү сени эмне үчүн сүйүнтөт?» аттуу насааттан үзүндү.