4-сентябрь: Жаңы Келишимдин эмнеси жаңы?

Jakshy Kabar Media

4-сентябрь: Жаңы Келишимдин эмнеси жаңы?

4-сентябрь
Жаңы Келишимдин эмнеси жаңы?
Жон Пайперден насаат сөз

«Бирок ошол күндөрдөн кийин Мен Ысрайыл менен мындай келишим түзөм, – дейт Теңир, – Мен Өзүмдүн мыйзамымды алардын ичине салам, аны алардын жүрөктөрүнө жазам, алардын Кудайы болом, алар болсо Менин элим болот».

Жеремия 31:33

Ыйса Кудайдын осуяттары менен сүйүүнү бири-биринен бөлгөн ой жүгүртүүнү толугу менен четке кагат. Ал мындай дейт: «Эгерде Мени сүйсөңөр, осуяттарымды аткаргыла… Ким Менин осуяттарымды билсе жана аткарса, ал Мени сүйөт. Ал эми Мени сүйгөн адамды Атам сүйөт. Аны Мен да сүйөм жана ага Өзүмдү ачып берем» (Жакан 14:15, 21).

«Мен Атамдын осуяттарын аткаргандыктан, Менде Анын сүйүүсү бар. Ошол сыяктуу эле Менин осуяттарымды аткарсаңар, силерде Менин сүйүүм болот» (Жакан 15:10).

Осуяттарды аткаруу керектиги жана тил алуу керектиги Ыйсага Өз Атасынын сүйүүсүнөн ырахат алып жашаганга такыр тоскоолдук кылган эмес. Ошол сыяктуу эле, Кудай биздин да Анын бизге осуяттарды бериши Аны менен болгон сүйүү мамилелерине ээ болушубузга тоскоолдук кылат деп ойлогонубузду каалабайт.

Муну түшүнүү абдан маанилүү, себеби биздин Ыйса аркылуу Кудай менен түзгөн жаңы келишимдик мамилебиз эч кандай осуяттары жок келишим эмес. Кудай Мусанын мыйзамы аркылуу сунуш кылган эски келишим менен Машаяк аркылуу сунуш кылган жаңы келишимдин ортосундагы негизги айырмачылык биринчисинде осуяттар берилип, экинчисинде берилбегенинде эмес.

Эки келишимдин ортосундагы негизги айырмачылыктар булар: (1) Машаяк Ыйса жерге келип, кан төгүп, жаңы келишимди бекитти (Матай 26:28; Эврейлер 10:29), андыктан эми Ал жаңы келишимдин Арачысы болуп калды; ошондуктан биз куткарылууга ээ кылган жана келишимди сактаган ишенимге ээ болгонубузда, муну түшүнгөндүктөн Ага ишеним арткан болобуз;

(2) ошондуктан эски келишимдин убагы «өтүп кетти» (Эврейлер 8:13) жана эми Кудайдын жаңы келишимдеги эли эски келишимдин бийлиги астында эмес (2 Корунттуктар 3:7-18; Римдиктер 7:4, 6; Галатиялыктар 3:19);

(3) убадаланган жаңы жүрөк жана Ыйык Рухтун күчү бизге ишеним аркылуу берилди.

Кудай Ыйсада бизге тил алчаак болгонго күчтү (жөндөмдү) Өз ырайымы менен толук берген, ал эми Байыркы Келишимде анчалык деңгээлде берген эмес. «Бирок бүгүнкү күнгө чейин Теңир силерге туюнганга жүрөк, көргөнгө көз, укканга кулак берген жок» (Мыйзамды кайталоо 29:4). Жаңы Келишимди жаңы кылып турган нерсе – бул анда эч кандай осуяттардын жоктугу эмес, Кудайдын убадасынын ишке ашкандыгы! «Мен Өзүмдүн мыйзамымды алардын ичине салам, аны алардын жүрөктөрүнө жазам» (Жеремия 31:33).

«Силердин ичиңерге Өз рухумду салам, силерди Менин мыйзамдарым менен жүргүдөй, Менин буйруктарымды сактагыдай жана аткаргыдай кылам» (Жезекиел 36:27).

«Келечектеги ырайым» китебинен үзүндү (155-156-беттер).