3-сентябрь: Кудайдын «Мен кылам» деген убадалары

Jakshy Kabar Media

3-сентябрь: Кудайдын «Мен кылам» деген убадалары

3-сентябрь
Кудайдын «Мен кылам» деген убадалары 
Жон Пайперден насаат сөз

«Ичинде адам менен мал көп болгондуктан, Иерусалим чепсиз жашайт, – Мен ага, – дейт Теңир, – аны курчаган оттуу чеп болом, анын ичинде даңкталам».

Захария 2:4-5

Кээде эртең менен ойгонгонумда алсыз болуп, өзүмдү коргой албачудай сезем. Бирок себебин так биле албайм. Коркунуч туудурган эч нерсе деле жок. Кайсыл тарабым алсыз экенин да биле албайм. Болгону бир жаман иш болчудай жана ал менин башыма келчүдөй түшүнүксүз бир сезимге ээ болом.

Адатта өзүмө карата көп сын укканымдан кийин, ушундай болот. Же болбосо өз убагында бүтүрүшүм керек болгон иштерим көбөйүп кетип, алардын баарына үлгүрбөчүдөй же алым жетпечүдөй болгонумда, ушундай болот.

Артта калган 50 жылга көз жүгүртүп, кез-кезде болгон ушундай учурларды эстегенимде, Ыйса Теңир менин өмүрүмдү жана кызматымды сактап келгенине абдан суктанам. Кыйналып кеткенде, баарын таштап качып кетүү азгырыгына ушул убакка чейин бир да жолу алдырбадым. Бул укмуш. Мындай кылганы үчүн, улуу Кудайыма таазим этем.

Колу-бутумду байлап алган коркууга алдырып жибергенге же жашоо жеңилирээк көрүнгөн жакка качып кеткенге жол бергендин ордуна, Ал мени Өзүнө жалынып-жалбарып кайрылууга чакырып, андан соң так бир убадалар менен жооп кайтарып келди.

Жакында эле болгон бир учурду мисал катары келтирейин. Бир күнү эртең менен ойгонгонумда, өзүмдү алсыз жана аярлуу сездим. Анан: «Теңир, жардам бере көр. Кантип сыйынышым керектигин да билбей турам», – деп сыйындым.

Анан бир сааттан кийин, сураган жардам кайдан келер экен деп, Захариянын китебин окуп жаткам. Жардам ошол жактан келди.

«Ичинде адам менен мал көп болгондуктан, Иерусалим чепсиз жашайт, – Мен ага, – дейт Теңир, – аны курчаган оттуу чеп болом, анын ичинде даңкталам» (Захария 2:4-5).

Иерусалим ушунчалык гүлдөп-өсүп, анын калкы ушунчалык көбөйгөндүктөн, ага эл батпай калган убак болот. «Ичинде адам менен мал көп болгондуктан», Иерусалим жер бетин каптаган жана эч кандай чептери жок жайнаган айылдардай болот.

Гүлдөп-өскөн жакшы. Бирок аны ким коргойт?

Бул суроого Кудай 5-аятта мындай деп жооп берет: «Мен ага… аны курчаган оттуу чеп болом». Ушундай болот. Ал ушундай убада берет. «Мен кылам», – дейт Теңир. Мага ушул нерсе керек.

Эгерде Иерусалимдин коргоо чеби жок жаткан айылдарын Кудай ушундай коргой турган болсо, анда Өзүнүн баласы болгон мага да ушундай кылат. Мен Байыркы Келишимде Кудайдын элине берилген убадаларды өзүмө ушинтип колдоном. Кудайдын бардык убадалары Машаяк аркылуу менин жашоомдо аткарылары анык (2 Корунттуктар 1:20). Машаякка таандык болгондор үчүн ар бир убада аткарылары «ого бетер анык» экени айтылат. Кудай мени «курчаган оттуу чептей» болот. Ал сөзсүз ушундай кылат. Буга чейин ушундай кылып келди. Мындан кийин да кылат. Мындан да чоң дагы бир убада бар. «Анын ичинде даңкталам», – дейт Теңир. Кудай бизди оттуу чеп менен коргоп эле койбостон, Өзү ошол чептин ичинде даңкы менен болуп, бизди кубанычка бөлөгүсү келет. Кудайдын ушундай «Мен кылам» деген убадалары мен үчүн канчалык кымбат!

«Алсыз болуп ойгонгонуңда эмне кыласың?» аттуу насааттан үзүндү.