2-сентябрь: Катуу сокку уруу аркылуу кубаныч тартуулаган окутуу

Jakshy Kabar Media

2-сентябрь: Катуу сокку уруу аркылуу кубаныч тартуулаган окутуу

2-сентябрь
Катуу сокку уруу аркылуу кубаныч тартуулаган окутуу
Жон Пайперден насаат сөз

«Анткени сен Кудай-Теңириңдин ыйык элисиң. Жер бетиндеги бардык элдердин ичинен сен Анын Өз эли болушуң үчүн, сени Кудай-Теңириң тандап алган».

Мыйзамды кайталоо 7:6

Илгери пуритандар Кудайдын ырайымы аркылуу куткарылуу жөнүндөгү окутуунун кыска-нуска түшүндүрмөсүн ойлоп табышкан. Ошол окутууну Августиндин машаякчылык кубаныч жөнүндөгү окутуусунун өңүтүнөн карап чыга турган болсок, анын мааниси төмөнкүдөй болмок:

  • Күнөө адам баласын толук бузган. Биз жөн эле адеп-ахлак жагынан бузулган эмеспиз, Кудайдын сулуулугун көргөнгө жана толук кубанычтын даамын татканга жөндөмсүз болуп калганбыз.
  • Кудай бизди шартсыз тандап алган. Биз али төрөлө электе эле Ыйсада толук кубанычка ээ болорубуз алдын ала белгиленип коюлган. Ал кубаныч – Үчбирдиктин ичиндеги мамиледен агып чыккан кубаныч.
  • Тандалгандар гана куткарылат. Кудай Өз элине сунуш кылган кубаныч жаңы келишимдин каны менен бекитилген, андыктан аны эч ким эч качан жок кыла албайт.
  • Кудайдын ырайымын адам кабыл албай коё албайт. Биз өлүмгө дуушар кылган ырахаттарга берилип кетпешибиз үчүн, Кудай биз үчүн Өзүнө жоопкерчиликти алып, Өзүнүн сүйүүсүнүн күчү менен бизди коргойт жана Өзүнүн эң жогорку бийлиги менен бизге эң жакшы ырахаттарды тартуулоо аркылуу бизди (дүйнөлүк ырахаттардан) эркин кылат.
  • Ишенгендер аягына чейин сөзсүз чыдайт (сөзсүз куткарылат). Кудай Өзүнүн кудуреттүү күчү менен бизди дүйнөлүк кумарларга кул болуудан сактап, азап-кайгы жана кыйынчылыктар аркылуу аман-эсен алып өтүп, аягында Өзүнүн алдында толук кубанычты мураска берип, Өзүнүн оң жагына отургузат жана түбөлүк ырахатка бөлөйт.

Жогорудагы беш түшүнүктүн ичинен «Кудайдын шартсыз тандоосу» мени бир жагынан өтө олуттуу ой жүгүрткөнгө чакырса, бир жагынан жанымды жыргатат. Себеби ырайымдын шартсыз болушу биздин өзүбүз менен сыймыктанышыбызга такыр жол бербейт (мунун олуттуу тарабы ушул); ал эми Кудайдын тандоосу менин энчиленип алынган (абдан баалуу) адам экенимди эсиме салып турат (жанымды жыргаткан тарабы ушул).

Ыйык Китептеги ырайым тууралуу окутуулардын бир укмуш тарабы ушул: алар биздин туура эмес ой жүгүртүүбүзгө катуу сокку уруу аркылуу эң чоң кубаныч тартуулайт.

Эгерде биздин тандалуубуз кандайдыр бир деңгээлде биздин өзүбүздөн көз каранды болгондо, «Жер бетиндеги бардык элдердин ичинен сен Анын Өз эли болушуң үчүн, сени Кудай-Теңириң тандап алган» деген сөздөрдүн айынан биз өзүбүздү башкалардан жогору коюп, текеберденип кетмекпиз! Бирок бизди мындай менменсингендиктен сактоо үчүн, Теңирибиз биз шартсыз тандалганыбызды айтат (Мыйзамды кайталоо 7:7-9). Ошондуктан биз «Эч нерсеге жарабаган мени тандап алды Теңир» деген ырды (англис тилинде) кубаныч менен ырдайбыз.

Бекер жана шартсыз ырайым аркылуу тандалганыбыз тууралуу окутуу биздин туура эмес түшүнүгүбүзгө катуу сокку уруп, аны талкалаганда гана, биз текеберликтен алыс болуп, куткарылуу белегин кабыл ала алабыз жана андан даам тата алабыз.

«Эмне үчүн биз ырайым жөнүндөгү окутууну жакшы көрөбүз» аттуу насааттан үзүндү.