1-сентябрь: Ал эмнени кааласа, ошону кылат

Jakshy Kabar Media

1-сентябрь: Ал эмнени кааласа, ошону кылат

1-сентябрь
Ал эмнени кааласа, ошону кылат
Жон Пайперден насаат сөз

«Биздин Кудайыбыз асманда; эмнени кааласа, ошону кылат».

Забур 113:11

Бул аят бизге Кудай кандай гана иш-аракет кылбасын, Өзүнө жакканды кылаары жөнүндө айтып жатат. Кудай эч качан Өзү жек көргөн нерсени кылууга мажбур болбойт. Ал эч качан айласыздан, Өзүнө жакпаган нерсени жасоого аргасыз калбайт. Ал эмнени кааласа, ошону кылат. Ошондуктан, кандайдыр бир мааниде, Ал жасаган бардык иштеринен ырахат алат.

Бул бизге Кудай алдында таазим кылууга жана Анын чексиз эркиндигин даңктоого жол ачып бериши керек. Кандайдыр бир мааниде, Ал ар дайым эркин, Өзүнүн «жакшы тилеги» боюнча Өзүнө кубаныч берген ишти кылат.

Кудай эч качан кырдаалдын курмандыгы болбойт. Ал эч качан Өзүнө кубаныч тартуулабаган нерсени жасашы керек болгон жагдайга кабылбайт. Ал шылдыңга кабылбайт, тузакка түшпөйт, аргасыз бир нерсе жасоого мажбур болбойт.

Ал тургай Кудай үчүн кандайдыр бир мааниде эң кыйын болгон, «Өз Уулун аябастан бизге берген» ошол тарыхый учурда да, Кудай эркин иш-аракет кылып, Өзүнө жаккан нерсени жасаган (Римдиктер 8:32). Пабыл Ыйса Өзүнүн өлүмү аркылуу «Кудайга Өзүн жыты жагымдуу тартуу жана курмандык катары берген» деп айтат (Эфестиктер 5:2). Адамдар жасаган эң чоң кылмыш, Ыйса башынан кечирген эң оор өлүм (жазасы), Кудай жасаган эң оор иш (Уулун курмандыкка бериши) кандайдыр бир терең мааниде Кудай каалаган нерсени ишке ашырган, б.а. Кудайга жаккан курмандык болгон.

Голгофага бараткан жолдо Ыйса периштелерди жардамга чакырса болмок. Бирок Ал: «Менден аны (өмүрүмдү) эч ким тартып албайт, Мен аны Өзүм берем», – деген (Жакан 10:18). Ал Өзүнүн жакшы тилеги менен, Эврейлер 12:2-аятта айтылгандай, «алдыда күтүп турган кубаныч үчүн» ушундай кылган. Ааламдын тарыхында тузакка түшүп калгандай көрүнгөн ошол өзгөчө учурда, Ыйса толугу менен Өзү каалаган нерсени кылган – Атасын даңктаган жана сиз менен мен сыяктуу кудайсыздарды актаган.

Андыктан Ага таң калалы жана суктаналы. Биздин кудуреттүү Кудайды даңкташыбызга эле эмес, биздин Машаяктын өлүмү аркылуу куткарылышыбызга себеп болгон нерсе «Биздин Кудайыбыз асманда; эмнени кааласа, ошону кылат» деген чындык экенин түшүнүп, Ага титирөө менен таазим этели.

«135-Забур жана Кудай өзү жасаган бардык иштеринен кубаныч алышы» аттуу насааттан алынган үзүндү.