22-июль: Өзүңө насаат айт

Jakshy Kabar Media

22-июль: Өзүңө насаат айт

22-июнь
Өзүңө насаат айт
Жон Пайперден насаат сөз

«Жаным, эмнеге чөгүп, эмнеге онтоп жатасың? Кудайга таян, анткени мен Аны – Куткаруучумду, Кудайымды дагы даңктайм».

Забур 41:12

Биз көңүл чөгүүгө – үмүтсүздүккө каршы кантип күрөшкөндү үйрөнүшүбүз керек. Согушту келечектеги ырайымга болгон ишеним менен жүргүзүшүбүз керек. Бул үчүн Кудай жана Анын келечекке тиешелүү убадалары жөнүндөгү чындыктарды колдонуп өзүбүзгө акыл-насаат айтышыбыз керек.

42-забурда забурчу ушундай кылып жатат. Ал өзүнүн үмүтсүздүккө кабылган жан-дүйнөсүнө акыл-насаат айтып жатат. Өзүн урушуп, өзү менен өзү талашып тартышып жатат. Анын негизги жүйөсү (таянычы) – келечектеги ырайым: «Кудайдан үмүттөн! Биз үчүн келечекти камдап койгон Кудайга таян. Бул күн да өтүп кетет жана Аны даңктай турган күн келет. Эгедер Өзү келип, менин муктаждыгымды толук канааттандырат. Ал түбөлүккө биз менен болом деп убада берген».

Мартин Лойд Жонс (деген улуу насаатчы жана дарыгер) көңүл чөгүүгө (депрессияга) каршы күрөшүүдө өзүбүзгө өзүбүз Кудайдын келечектеги ырайымы жөнүндөгү чындыктарды насаат кылып айтканыбыз абдан маанилүү экенине ишенген. Өзүнүн «Көңүлү чөккөн рух» аттуу китебинде ал мындай деп жазат:

Бул жашоодо өзүбүздү бактысыз сезгенибиздин себеби көп учурда жан дүйнөбүзгө акыл-насаат айткандын ордуна, жан дүйнөбүздү угуп отура бергенибизде экенин байкадыңыз беле? Мисалы, эртең менен көзүңүздү ачарыңыз менен, ар түрдүү ойлор чакырылбаган коноктой болуп келе калат. Сиз аларды атайын чакырган эмессиз, бирок алар сизге таасир берип, өтүп кеткен күндөгү көйгөйлөрдү жана башка нерселерди эсиңизге салат. Бирөө жаныңызда туруп алып, ошонун баарын шыбырап жаткансыйт... Бул – сиздин ички дүйнөңүз. 41-забурду жазган адам да ушундай жагдайга кабылганда, буга каршы мындай даба колдонгон: ички дүйнөсүнөн чыккан ойлорго жол бергендин ордуна, ал тескерисинче ички дүйнөсүнө акыл-насаат айта баштаган: «Жаным, эмнеге чөгүп, эмнеге онтоп жатасың?» Өзүнүн руху көңүлүн чөктүрүп, жанын кыйнап жатканда, ага каршылык көрсөтүп: «Жаным, мага кулак сал. Эми мен сүйлөйүн», – деген (11-12-аяттар).   

Көңүл чөгүүгө каршы күрөшүү – бул Кудайдын убадаларына ишенүү үчүн күрөшүү. Кудайдын келечектеги ырайымына болгон мындай ишеним Кудайдын Сөзүн угуудан келет. Ошондуктан Кудайдын Сөзүн өзүбүздүн жан-дүйнөбүзгө насаат катары айтуу көңүл чөгүүгө каршы болгон күрөшүбүздө колдонгон негизги куралыбыз болуп саналат.

«Келечектеги ырайым» китебинен үзүндү (305-бет).