21-июль: Үмүтсүздүккɵ каршы күрөшүүнүн мисалдары

Jakshy Kabar Media

21-июль: Үмүтсүздүккɵ каршы күрөшүүнүн мисалдары

21-июнь
Үмүтсүздүккɵ каршы күрөшүүнүн мисалдары
Жон Пайперден насаат сөз

«Денем да, жүрөгүм да алсырады, бирок жүрөгүмдүн жөлөгү, түбөлүк үлүшүм – Кудай».

Забур 72:26

Бул аятта, чындыгында «алсырашы мүмкүн» деген эмес, алсырайт деген этиш колдонулган. Кудайды терең сүйгɵн забурчу Асап: «Денем да, жүрөгүм да алсырайт» – дейт. Мен кайгы-муңга чɵмүлдүм! Менин үмүтүм үзүлдү! Бирок ал ошол замат ɵзүнүн кайгысын: «Бирок жүрөгүмдүн жөлөгү, түбөлүк үлүшүм Кудай» – деген сɵздɵр менен жеңгенге аракет кылды.

Забурчу үмүтсүздүккɵ алдырган жок. Ал ишенбестиктин мизин кайтарды.

Чынында ал: «Мен ɵзүмдү алсыз жана айласыз сезип жатам, алышууга күчүм жок. Менин денем жабыркап, жүрɵгүм дээрлик ɵлүм алдында турат. Бирок бул үмүтсүздүккө эмне гана себеп болбосун, мен ага моюн сунбайм. Мен ɵзүмɵ эмес, Кудайга ишенем. Ал менин жɵлɵгүм жана үлүшүм» – дейт.

Ыйык Китеп ыйыктардын муңга бɵлɵнгɵн жандары менен күрɵшкɵн мисалдарга толо. Забур 18:8-аятта мындай деп жазылат: «Кудайдын мыйзамы жеткилең, ал жанды тирилтет». Бул жерде ыйыктардын жандары кээде ойгонууга, жанданууга муктаж экендиги жɵнүндɵ ачык айтылат. Эгерде аны кайрадан жандандыруу керек болсо, демек ал «ɵлүк» болгон сыяктуу кɵрүнɵт.

Дɵɵт Забур 22:2-3-аяттарда ошол эле нерсе жɵнүндɵ айтат: «Ал мени жай аккан суу боюна алып барат. Жаныма күч берет». «Теңирдин жүрɵгүнɵ жаккан кишинин» жаны Андан келген күчкɵ муктаж. Анын жаны чаңкап, чарчап-чалыгып кулап кала жаздаганда, Кудай аны сугарып, кайрадан жашоо багыштайт (1 Шемуел 13:14).

Кудай ушул күбɵлүктɵрдү кайгыруунун натыйжасында келген ишенбестикке каршы күрɵшүүдɵ колдонушубуз үчүн Ыйык Китепке жазып койгон. Ошондой эле, Кудайдын: «Жүрөгүмдүн жөлөгү, түбөлүк үлүшүм – Кудай» – деген убадаларына таянып, ишеним менен күрɵшүп жатабыз. Биз муну ɵзүбүзгɵ күбөлөндүрүп жатабыз жана буларды тайманбастык менен шайтанга каршы жар салабыз. Биз ушул чындыктарга ишенебиз.

 «Келечектеги ырайым» аттуу китептен үзүндү, 303-304-беттер.