20-июль: Ар бир муктаждыкты толтурган ырайым

Jakshy Kabar Media

20-июль: Ар бир муктаждыкты толтурган ырайым

20-июнь
Ар бир муктаждыкты толтурган ырайым
Жон Пайперден насаат сөз

«Мага назарыңды сал, мага ырайым кыл. Өз кулуңа Өз күчүңдү бер».

Забур 85:16

Забурчулар өз сыйынууларында Кудайдан тынымсыз ырайым сурашат. Ар бир муктаждык жаралган сайын, Кудайга ырайым сурап кайрылышат. Алар бизге күн сайын ар бир муктаждыкты толтурууда ырайымга таянуунун мыкты бир үлгүсүн көрсөтүшөт.

Аларга жардам керек болгондо, ырайым сурап сыйынышат: «Теңирим, кулак сал, ырайым кыл! Теңирим, мага жардам берүүчү бол» (Забур 29:11).

Алсыздыкта да ошондой кылышат: «Мага назарыңды сал, мага ырайым кыл. Өз кулуңа Өз күчүңдү бер» (Забур 85:16).

Айыгууга муктаж болгондо да ошондой кылышат: «Ырайым кыл, Теңир, анткени мен алсызмын. Айыктыр мени, Теңир, анткени сөөктөрүм титиреп жатат» (Забур 6:3).

Душмандардан азап чеккенде да ошондой кылышат: «Мага ырайым кыл, Теңир. Жек көргөндөрдөн тарткан азабыма көз сал» (Забур 9:14).

Жалгыздыкты сезгенде да ошондой кылышат: «Мага назар салып, ырайым кыл, анткени мен жалгызмын, кыйналдым» (Забур 24:16).

Кайгыга чөккөндө да ошондой кылышат: «Мага ырайым кыл, Теңир, анткени кыйналып турам. Кайгыдан көздөрүм соолуп, жаным кыйналып, жүрөгүм сыздап жатат» (Забур 30:10).

Күнөө кетиргенде да ошондой кылышат: «Теңир! Мага ырайым кыл, жанымды сакайт, анткени мен Сенин алдыңда күнөө кылдым» (Забур 40:5).

Кудайдын ысымы элдердин арасында даңазаланышын эңсегенде да ошондой кылышат: «Кудай! Бизге ырайымдуу бол… Бүт жер жүзү Сенин жолуңду таанып билсин» (Забур 66:2-3).

Сыйынуу улуу көпүрө сыяктуу ыйыктардын жүрөгүн ырайымдын убадасына байланыштырып турары анык. Эгерде Кудай сыйынууну кызматка колдоо көрсөтүп турган нерсе катары берген болсо, демек ырайымга болгон ишеним да кызматты сактап турган нерсе болуп саналат.

«Келечектеги ырайым» китебинен алынды (296-бет).