19-июль: Ал баарын өз убагында жасайт

Jakshy Kabar Media

19-июль: Ал баарын өз убагында жасайт

19-июнь
Ал баарын өз убагында жасайт
Жон Пайперден насаат сөз

«Өз убагында Андан ырайым таап, жардам алыш үчүн, ырайым тактысына кайраттуулук менен жакындайлы».

Эврейлер 4:16 (автордун өзүнүн сөзмө-сөз котормосу)

Адатта бул аят мындайча которулат: «Ошол себептен жардам керек болгон убакта Анын мээримин көрүп, Андан ырайым табыш үчүн, ырайым тактысына кайраттуулук менен жакындайлы». Мындай котормо түп нускадагы аяттын өзгөртүлгөн котормосу болуп саналат, себеби мындай котормо Кудай бизге жардам керек болгон маалда келе калганын билдирет. Бул да чындык, бирок түп нускадагы аятты сөзмө-сөз которо турган болсок, кеп жардамдын эң туура убакта келгени жөнүндө экени байкалат.

Биз кылган бардык кызматтар келечекке таандык, себеби аларды бир аздан кийин, бир айдан кийин, бир жылдан кийин же он жылдан кийин кылабыз. Андыктан бизде өзүбүздүн кызматка ылайыксыздыгыбыз жөнүндө кабатырланганга, ойлонгонго жетишээрлик убакыт бар. Ушундай болгондо, биз сыйынууга кайрылышыбыз керек.

Сыйынуу – бул бизди эртеңки күндүн кызматын кылганга ылайыктуу кылган ырайым менен бүгүн байланыштырган ишенимдин иш-аракети. Бардык нерсенин өз убагында болушу маанилүү.

Ырайым өтө эрте же өтө кеч берилип калса эмне болот? Биз окуп жүргөн эски котормолордо Эврейлер 4:16-аятта өз убагында келген ырайым жөнүндөгү абдан баалуу убада бар экени жакшы байкалбайт. Аны байкоо үчүн, бул аятты сөзмө-сөз которушубуз керек. Бул аятта кеп «жардам керек болгон убакта» ырайым таба аларыбыз жөнүндөгү убадада эмес, кеп Кудайдын Өз ырайымын өз убагында бергендигинде болуп жатат.

Кептин төркүнү мында: сыйынуу – бул өз убагында жардам алуу үчүн, ырайымга ээ болуунун жолу. Кудайдын бул ырайымы дайыма «ырайым тагынан» өз убагында келет. «Ырайым тагы» деген сөз ырайым ааламдын Падышасынан келерин билдирет. Ал ырайымды качан беришти Өзүнүн бийлиги менен чечет (Элчилердин иштери 1:7).

Кудай бардык нерсени өз убагында кылат, бирок Анын убактысы менен биздин убактыбыз өтө сейрек бирдей болуп чыгат: «Анткени Сенин көз алдыңда миң жыл кечээ эле өтүп кеткен күндөй, түнкү күзөт убагындай» (Забур 89:5). Дүйнөлүк деңгээлде караганда, Ал элдер көтөрүлгөн жана кулаган убакыттарды аныктайт (Элчилердин иштери 17:26). Жеке адамдын деңгээлинде караганда, «Менин күндөрүм Сенин колуңда» (Забур 30:16), б.а. менин күндөрүм Анын колунда.

Ырайым өз убагында берилеби же жокпу деп ойлонгонубузда, «ырайым тагы» жөнүндө ой жүгүртүшүбүз керек. Кудайдын бизге эң туура болгон убакта ырайым жиберишине эч нерсе тоскоолдук кыла албайт. Ырайым дайыма өз убагында берилет.

«Келечектеги ырайым» китебинен алынды (295-бет).