18-июль: Рухий жɵндɵмдɵр аркылуу иштеген Кудайдын ырайымы

Jakshy Kabar Media

18-июль: Рухий жɵндɵмдɵр аркылуу иштеген Кудайдын ырайымы

18-июнь
Рухий жɵндɵмдɵр аркылуу иштеген Кудайдын ырайымы
Жон Пайперден насаат сөз

«Ар бириңер алган жɵндɵмдүүлүгүңɵр менен бири-бириңерге кызмат кылгыла. Кудайдын ырайымы менен берилген кɵп түрдүү жɵндɵмдүүлүктɵрдү жакшы үй башкаруучулар катары колдонгула».

1 Петир 4:10

Биз ɵзүбүздүн рухий жɵндɵмдɵрүбүздү колдонгонубузда, үй башкаруучулар катары өтүп кеткен убактагы эмес, муктаж болгон ар бир убакытта берилген, бүгүнкү ырайымды колдонгон болобуз. Дал ушул келечектеги ырайым «кɵп түрдүү ырайым» болуп саналат. Ал ар кандай түстɵ, формада жана ɵлчɵмдɵ берилет. Ыйсанын денесиндеги рухий жɵндɵмдөрдүн ар түрдүү болушунун бир себеби мына ушул. Кудай сизге берген жɵндɵмдөр мендеги жɵндɵмдөрдөн айырмаланып, Анын даңкынын дагы башка тараптарын кɵрсɵтɵ алат. 

Машаяктын Денесиндеги муктаждыктар канчалык кɵп болсо, келечектеги ырайым да ошончолук кɵп жана андан да көп. Рухий жɵндɵмдɵрдүн максаты Кудайдын келечектеги ырайымын кабыл алып, аны муктаждыктарга жараша бɵлүштүрүү болуп саналат.

Бирок кимдир-бирɵɵ: «Эмне үчүн Петир (мурун эмес, алдыда ар бир саамда бериле турган) келечектеги ырайым жөнүндө айтып жатат деп ойлойсуз? Үй башкаруучусу эми бериле турган үйдү эмес, эбак эле берилген үйдө башкарат эмеспи?» – деп сурашы мүмкүн.

Мен Петир келечектеги ырайым жɵнүндɵ сɵз кылып жатат деп ойлогонумдун негизги себеби мында: ал андан кийинки аятта бул кандайча болорун түшүндүрөт жана келечектеги ырайымдын үзгүлтүксүз берилиши жɵнүндɵ сөз кылат. Ал: «Ким кызмат кылса, Кудай берген күчүнɵ жараша кызмат кылсын. Кудай бардык нерседе Ыйса Машаяк аркылуу даңкталсын» –дейт (1 Петир 4:11). Бул жерде «берүү» деген сɵз (түп нускада) ɵткɵн чакта эмес, учур чакта колдонулган. Биз кызматыбызда эмне кылышыбыз керек болсо, ошонун баарын Кудайдын ырайымынын үзгүлтүксүз берилген күчү менен кылабыз.

Эртеңки күндɵ ɵзүңүздүн рухий жɵндɵмдөрүңүздү колдонуп, бирɵɵгɵ кызмат кылганыңызда, «Кудай берген күчүңүзгɵ жараша» кызмат кылган болосуз жана ал сизге бүгүн эмес эртең берилет. Күндөрүңүз канча болсо, күчүңүз да ошончо болот (Мыйзамды кайталоо 33:25). Биздин кызматыбызда Кудай күн сайын, ар бир саат сайын ошол «күчтү» берип турат. Ал үзгүлтүксүз, түгөнбөгөн күч менен камсыздоочу катары даңкка ээ боло тургандыктан, ушундай кылат. «Ким кызмат кылса, Кудай берген күчүнɵ жараша кызмат кылсын. Кудай бардык нерседе Ыйса Машаяк аркылуу даңкталсын».

«Келечектеги ырайым» аттуу китебинен үзүндү (294-бет).