17-июль: Машаяк жɵнүндɵ кайраттуулук менен күбɵлɵндүрүү

Jakshy Kabar Media

17-июль: Машаяк жɵнүндɵ кайраттуулук менен күбɵлɵндүрүү

17-июнь
Машаяк жɵнүндɵ кайраттуулук менен күбɵлɵндүрүү
Жон Пайперден насаат сөз

«Элчилер болсо Теңир Ыйса Машаяктын өлүп, кайра тирилгендигин зор кайраттуулук менен күбөлөндүрүп жатышты. Бардыгынын үстүндө Кудайдын зор ырайымы бар эле».

Элчилердин иштери 4:33

Эгер эртеңки күнү кандайдыр бир ыңгайсыз кырдаалда Машаяк жɵнүндɵ күбɵлɵндүрүбүшүз керек болуп калса, ошондо бизге эң көп керек болгон нерсе акылыбыз эмес, келечектеги ырайымдын молдугу болот.

Башка адамдарга караганда, кайра тирилген Машаяк жɵнүндɵ ишенимдүү түрдɵ күбɵлɵндүрүү элчилер үчүн эң оңой болгондой көрүнөт. Анткени алар Ыйса менен үч жыл бою чогуу болушкан. Анын ɵлүмүнɵ күбɵ болушкан. А түгүл Анын айкаш жыгачка кадалгандан кийин кайра тирилгенин да көрүшкөн. Алардын колунда «кɵптɵгɵн күбɵлɵндүрүүчү далилдер» болгон (Элчилердин иштери 1:3). Башка адамдарга караганда, элчилер ошол алгачкы күндɵрдɵ күбөлөр катары кызмат кылганда, алар үчүн кечээ күнү эле болгондой кɵрүнгɵн мурдакы даңктуу иштерди эстөөдөн эң көп күч алса керек деп ойлошубуз мүмкүн.

Бирок Элчилердин иштери китеби андай дебейт. Элчилер ишенимдүү жана натыйжалуу күбөлөндүрүү үчүн күчтү мурун көрсөтүлгөн ырайымды эскерүүдөн эмес, жаңыланып турган «зор ырайымдан» алып турушкан. «Бардыгынын үстүндɵ зор ырайым бар эле». Элчилердин кызматында ушундай болгон; биздин кызматыбызда да ушундай болот.

Кудай биздин Машаяк жөнүндөгү күбөлөндүрүүбүздү дагы да күчтɵндүрүү үчүн ар кандай кошумча жышаандарды жана кереметтерди кɵрсɵтсɵ, анын баары Степанга берилгендей бизге да берилет. «Ишеними бекем, күчкө толгон Степан эл арасында улуу кереметтерди жана жышаандарды көрсөтүп жүрдү» (Элчилердин иштери 6:8). Степан өзүнө керектүү нерсенин баарын Кудайдын ырайымынан алган. Акырында аны өлгөнгө даяр кылган нерсе да Кудайдын ырайымы болгон.

Жасап жаткан кызматыбызда кыйынчылыктарга кабылганыбызда таяна турган келечектеги чексиз ырайым жана күч бар. Кудай «Өзүнүн ырайымы жөнүндөгү сөзүн күбөлөндүрүү үчүн» ушундай жаңы күчтү берип турат (Элчилердин иштери 14:3; Эврейлер 2:4-аятты да караңыз). Кудай Өз ырайымы менен кандай чындыкты ачып берсе, Аны Өзүнүн ырайымынын күчү менен дайыма бекемдеп турат.

«Келечектеги ырайым» аттуу китебинен алынган үзүндү, 293-бет.