16-июль: Күнүмдүк иштер үчүн керектүү күч

Jakshy Kabar Media

16-июль: Күнүмдүк иштер үчүн керектүү күч

16-июнь
Күнүмдүк иштер үчүн керектүү күч
Жон Пайперден насаат сөз

«Куткарылууңарды коркуу жана титирөө менен жүзөгө ашыргыла. Анткени Кудай силердеги тилекти да, аракетти да Өзүнүн жакшы ниети боюнча жаратат».

Филипиялыктар 2:12-13

Бул аяттарда эң негизги жумушту Кудай жасаганы айтылат. «Куткарылууңарды… жүзөгө ашыргыла. Анткени Кудай силердеги тилекти да, аракетти да Өзүнүн жакшы ниети боюнча жаратат». Бирок буга ишенүү машаякчылар эч нерсе кылбай отура бериши керек дегенди билдирбейт. Тескерисинче, бул чындык машаякчыларга үмүт, күч жана кайраттуулук берет.

Биздин өзгөчө кызматыбызда күн сайын аткарышыбыз керек болгон тапшырмалар бар. Пабыл ошолордун үстүнөн иштөөнү осуяттайт, бирок муну Кудай берген күчтүн жардамы менен кантип аткарыш керек экенин айтат: «Ага ишенгиле! Күн сайын Кудай силердеги тилекти да, аракетти да Өзүнүн жакшы ниети боюнча жаратыш үчүн, силердин ичиңерде иштей турган убадага ишенгиле».

Кудай Ɵзүнүн ырайымы менен ар бир саамда иштеп, биздин күнүмдүк жашообузда келечектеги ырайымдын убадасын ишке ашырат. Пабыл куткарылуубузду кантип жүзɵгɵ ашырышыбыз керектигин түшүндүргɵндɵ, бизге муну кылганга мурун көрсөтүлгөн ырайымга болгон ыраазычылык түрткү бериши керектигин айткан жок. Мен муну айта кетишим керек, себеби кɵпчүлүк машаякчылардан: «Тил алчаак болгонго эмне түрткү берет?» – деп сурасак, «Ыраазычылык!» – деп жооп беришет. Бирок Пабыл бизге кызмат кылганга ниет жана күч берген нерсе жɵнүндɵ кеп кылганда, башка нерсе жөнүндө айтып жатат. Ал Кудайдын мурун жасаган иштерине эмес, алдыда жасай турган иштерине болгон ишеним жөнүндө айтып жатат. «Куткарылууңарды… жүзөгө ашыргыла». Эмнеге? Кантип? Себеби Кудай ар бир жаңы саамда жаңы ырайым берип турат. Сиз бир нерсени каалаганда же жасап жатканда, ошол каалоону жана аракетти Ал жаратат. Ошондуктан алдыдагы бир саатта болобу же миң жылдын ичинде болобу, өзүңүз туш боло турган сыноолорду, кыйынчылыктарды жеңип чыгуу үчүн, ушул чындыкка ишениңиз.

Келечектеги ырайымдын күчү – бул тирүү Машаяктын күчү: ал күч алдыда бизди күтүп турган ар бир учурда биз үчүн иштейт. Ошондуктан Пабыл ɵзүндɵгү Кудайдын ырайымынын таасирин мындайча сүрɵттɵйт: «Анткени Машаяктын мен аркылуу аткаргандарынан башка нерсени айтууга батына албайм. Ал мен аркылуу сөз менен, иш менен бутпарастарды ишенимге баш ийдирди» (Римдиктер 15:18).

Ошондуктан, эгерде ал бир жагынан Машаяктын анын кызматы аркылуу аткаргандарынан башка нерсени айтууга батынбаганын айтса, бирок ошол эле учурда Кудайдын ырайымы анын кызматы аркылуу эмне кылганы тууралуу сөз кылса, демек анын кызматындагы ырайымдын күчү – бул Машаяктын күчү (1 Корунттуктар 15:10).

Демек, алдыдагы беш мүнɵттүн ичинде болобу же 50 жылдын ичинде болобу, бизге кызматыбызда керек болгон күч – бул кудуреттүү Машаяктын келечектеги ырайымы. Ал дайыма биздин жаныбызда болууга жана биздеги тилекти да, аракетти да Өзүнүн жакшы ниети боюнча жаратууга даяр.

«Келечектеги ырайым» китебинен алынган үзүндү, 291-291-беттер.