15-июль: Биз ырайымдын күчү менен кызмат кылабыз

Jakshy Kabar Media

15-июль: Биз ырайымдын күчү менен кызмат кылабыз

15-июнь
Биз ырайымдын күчү менен кызмат кылабыз
Жон Пайперден насаат сөз

«Бирок Кудайдын ырайымы менен азыр ким болсом, ошолмун. Анын мага кылган ырайымы текке кеткен жок, мен баарынан көп кызмат кылдым. Дегинкиси, мен эмес, Кудайдын мендеги ырайымы кызмат кылды».

1 Корунттуктар 15:10

Пабыл бул аяттагы «мен баарынан көп кызмат кылдым» деген сөздөр түшүнбɵстүк жаратпашы үчүн: «Дегинкиси, мен эмес, Кудайдын мендеги ырайымы кызмат кылды» – деп сөзүн толуктайт.

Пабыл Кудайдын мурунку убактарда кылган ырайымына ыраазы болгону үчүн гана Ага баш ийгенин айткан жок. Ар бир убакыт сайын, ар бир кɵз ирмемде берилген ырайымдын жардамы менен баш ийгенин айтып жатат. Ал жашоосунда муктаж болгон ар бир учурда берилген Кудайдын келечектеги ырайымы жɵнүндɵгү убадасына таянганын айтып жатат. Пабыл Машаякка баш ийүүнү каалаган же ошого аракет кылган сайын, ал каалоо жана аракетти анын ичинде иштеп жаткан ырайым жаратып турган. Пабылдын тил алчаактык менен жасаган иштери Кудайдын өткөн убактардагы ырайымына болгон ыраазычылыгынан эле келип чыккан эмес. Тескерисинче, ал ар бир саамда убадаланган ырайымга таянганы үчүн, ушундай иштерди кыла алган. Пабыл ɵзүнүн кызматында Кудайдын ар бир убакыт сайын жаңыланып туруучу ырайымы негизги ишти аткарганын баса белгилегиси келет.

Жогорудагы аятта чындап эле ошентип жазылып турабы? Пабыл менен Кудайдын ырайымы чогуу кызмат кылган деп эле айтып жатпайбы? «Дегинкиси, мен эмес» деген сɵздɵргɵ тереңирээк маани берип карасак, анын чындап эле ошондой дегиси келгенин түшүнɵбүз. Пабыл Кудайдын ар бир убакыт сайын берилген ырайымын даңазалоо аркылуу өзү кызматында чечүүчү ролду ойнобогонун так түшүндүргүсү келет.

Ошентсе да, ал ɵз кызматын өзү кылган: «Мен баарынан көп кызмат кылдым». Ал эмгектенген. Бирок ал муну ɵзүнүн ичиндеги Кудайдын ырайымы кылганын айтат.

Жогорудагы аятта айтылгандардын баарын эске алсак, анда Пабылдын кызматындагы эң маанилүү аткаруучу – бул ырайым деген тыянакка келебиз. Пабыл да ɵз кызматынын аткаруучусу болгон, бирок ал өз кызматын аткарганга бардык жөндөмдү Кудайдын ырайымынан алгандыктан, ал ырайым чечүүчү ролду ойногон.

Мен муну мындай түшүнөм: Пабыл күн сайын өзүнүн кызматынын оор жүгүн сезгенде, Кудайдын алдында башын ийип, ошол күнкү кызмат үчүн келечектеги ырайым берилмейинче, аны жасоого жɵндɵмдүү эмес экенин моюнуна алган.

Балким ал Ыйсанын «Силер Менсиз эч нерсе кыла албайсыңар» деген сɵздɵрүн эстесе керек (Жакан 15:5). Ошентип, ал күн сайын келечектеги ырайым үчүн сыйынып, Кудайдын күч бере турган убадасына бекем ишенген. «Менин Кудайым силердин бардык кем-карчыңарды Машаяк Ыйса аркылуу Өзүнүн даңктуу байлыгы менен толуктайт» (Филипиялыктар 4:19).

Ошентип ал Кудайдан ырайым сурагандан кийин, өз кызматын болгон күчү менен жасаган.

«Келечектеги ырайым» китебинен алынган үзүндү, 291-бет.