14-июль: Өмүргө караганда кызмат маанилүүрөөк

Jakshy Kabar Media

14-июль: Өмүргө караганда кызмат маанилүүрөөк

14-июнь
Өмүргө караганда кызмат маанилүүрөөк
Жон Пайперден насаат сөз

«Бирок мен эч нерсеге карабаймын жана өз өмүрүмдү эч аябаймын, алдымда турган жарышты жана Теңир Ыйса тапшырган кызматты… аягына чыгарсам эле болду».

Элчилер иштери 20:24

Жаңы Келишимде машаякчылар кылган иштер «кызмат» деп аталат. Эфестиктер 4:11-12-аяттарда жамаат жетекчилеринин иши «ыйыктарды кызмат кылууга жөндөмдүү кылуу» экени айтылат. Ал эми кызматты катардагы машаякчылар кылат.

Машаякчылар бири-биринен канчалык айырмаланып турса, алардын кылган кызматы да ошончолук ар түрдүү. Кызмат – бул жыйын имаратынын ичинде аксакал же чарба кызматчысы (диакон) болуп отуруу эмес, өзүн Машаякты баалаганга жана башкалардын муктаждыктарын толтурганга арнаган адамдын жашоосу.

Кызмат «убакыт барда, бардыгына, айрыкча, ишенимибиз бирлерге жакшылык кылууну» билдирет (Галаттыктар 6:10). Биз банкта иштейбизби, курулушта иштейбизби, биздин максатыбыз – Кудайдын даңкы үчүн башкаларга ишенимде жана ыйыктыкта өскөнгө жардам берүү.

Тапшырылган кызматты аягына чыгаруу өз өмүрүңдү сактаганга караганда маанилүүрөөк. Суктандырарлык иштерди жасаган жана өздөрүн толугу менен Кудайга арнаган адамдар ушундай ишенимге жетеленип жашашат. Алардын көпчүлүгү Элчилер иштери 20:24-аятта өзүнүн кызматы жөнүндө айткан Пабылга окшоп сүйлөшөт: «Бирок мен эч нерсеге карабаймын жана өз өмүрүмдү эч аябаймын, алдымда турган жарышты жана Теңир Ыйса тапшырган кызматты… аягына чыгарсам эле болду». Кудай бизге ишенип тапшырган кызматты кылуу биздин өмүрүбүздөн да маанилүү.

Сиз кызмат кылыш үчүн өмүрүбүздү сакташыбыз керек деп ойлошуңуз мүмкүн. Бирок, тескерисинче, өз өмүрүңүздү жоготкондо чындап кызмат кылып башташыңыз мүмкүн. Ыйсанын жашоосунда дал ушундай болгон. Ошондо Ал отуз жаш чамасында эле.

Биз кызматыбызды аягына чыгарышыбыз үчүн өз өмүрүбүздү этияттык менен сакташыбыз керек деп кабатырланбашыбыз керек. Биздин кызматыбыздын мөөнөтүн бир гана Кудай билет. Биздин өлүмүбүз кызматыбызды токтоткон нерсе эмес, кызматыбызда жасаган акыркы ишибиз болорун Ал Өзү чечет.

Генри Мартин: «Эгерде Кудайдын мага бере турган иши түгөнө элек болсо, анда мен өлбөйм», – деп туура айткан. Башкача айтканда, биз өз кызматыбызды бүтүрмөйүнчө эч качан өлбөйбүз. Ошондуктан кызмат өмүргө караганда маанилүүрөөк.

«Келечектеги ырайым» китебинен алынды (287-бет).