13-июль: Кызмат кылууга бизге эмне түрткү берет?

Jakshy Kabar Media

13-июль: Кызмат кылууга бизге эмне түрткү берет?

13-июнь
Кызмат кылууга бизге эмне түрткү берет?
Жон Пайперден насаат сөз

«Себеби өзүнүн күнөөкөр табиятына сепкен адам күнөөкөр табиятынан чирий турган нерсени алат, ал эми Рухка сепкен адам Рухтан түбөлүк өмүрдү алат.».

Галаттыктар 6:8

Ишенген адамда Кудайдын ырайымынан болушунча көбүрөөк даам татуу каалоосу, тойбос табити бар. Андыктан ишенген адам Кудайдын ырайымы шар аккан дарыяны – сүйүү дарыясын көздөй чуркайт.

Жашообузга ыраазы болуп, үйүбүздө жыргап отура бербей, сүйүүгө жетеленип сыртка чыгып, ыңгайсыздыктарга жана азаптарга чыдаганга бизге дагы кандай күч түрткү берет?

Бизге…

  • тартынганыбызга карабай, чоочун адамдарга салам бергенге,
  • кыжырыбыз келип турганына карабай, касташкан адамыбызга барып, элдешүүнү сунуш кылганга,
  • буга чейин эч качан бербеген ондукту бергенге,
  • коркконубузга карабай, чогуу иштешкендерибизге Машаяк жөнүндө айтып бергенге,
  • жаңы көчүп келген коңшуларыбызды Ыйык Жазууну изилдөөгө чакырганга,
  • жакшы кабар таратуу үчүн башка элдерге барганга,
  • аракка байлангандар үчүн жаңы кызмат баштаганга,
  • жүк ташыган чакан унаабыз менен башкаларга кызмат кылганга,
  • эртең менен рухий ойгонуу үчүн сыйынганга убакыт арнаганга

эмне түрткү берет?

Кандайдыр бир чыгымды талап кылган жана сүйүү менен жасалган бул иштердин эч бири жөндөн жөн эле жасала калбайт. Аларга түрткү берген нерсе – бул жаңы табит, тактап айтканда Кудайдын ырайымын дагы да көбүрөөк таткысы келген ишенүүчүнүн табити. Биз Кудайды дагы да көбүрөөк таанып билгибиз келет. Ал бизге өзүбүздүн жеке, эч ким тынчыбызды албаган, коопсуз жашообузга караганда көбүрөөк керек.

Ишенген адам Кудайга таянганды жана өзүнүн жашоосунда Кудайдын кереметтүү иштерин көргөндү жакшы көрөт. Ошондуктан ишеним бизди Кудайдын ырайымы кудуреттүү түрдө аккан дарыяга – сүйүүнүн дарыясына жетелейт.

Менин оюмча, Пабыл Рухка себүү керектигин айтканда, ушундай нерсени айткысы келсе керек (Галаттыктар 6:8). Биз ишеним менен өзүбүздүн күч-кубатыбыздын уруктарын Рух иштеген жана жемиш өстүргөн жерлерге – сүйүүнүн талаасына себишибиз керек.

«Келечектеги ырайым» китебинен алынды (283-284-беттер).