12-июль: Ишеним күнөөлүү сезимди, ачкөздүктү жана коркуу сезимин жок кылат

Jakshy Kabar Media

12-июль: Ишеним күнөөлүү сезимди, ачкөздүктү жана коркуу сезимин жок кылат

12-июнь
Ишеним күнөөлүү сезимди, ачкөздүктү жана коркуу сезимин жок кылат
Жон Пайперден насаат сөз

«Мындай сүйүү болсо чын жүрөктөн, таза абийирден жана астейдил ишенимден келип чыгат».

1 Тиметей 1:5 (ЛС котормосу)

Пабылдын каалаганы – сүйүү. Ал эми сүйүүнүн эң негизги булактарынын бири – бул чыныгы ишеним. Ишеним чындап эле сүйүүнүн булагы болгонунун себеби, Кудайдын ырайымына болгон ишеним, жүрөктөгү сүйүүгө жол бербеген күнөөлүү каалоолорду жок кылгандыгында.

Эгерде биз өзүбүздү күнөөлүү сезсек, өзүбүз менен өзүбүз болуп, көңүлүбүз чөгүп, өзүбүзгө боорубуз ооруу менен гана убара болуп, башка бирөөлөргө кам көрмөк түгүл, алардын муктаждыгын көрө албайбыз. Же болбосо күнөөлүү сезимибизди жаап-жашыруу үчүн, эки жүздүүлөнөбүз жана натыйжада башкалар менен болгон мамилелерде такыр чынчыл боло албай калабыз. Ал эми чынчылдык жок болгон жерде сүйүү да болбойт. Же болбосо өзүбүздүн күнөөлүү сезимибизди азайтуу үчүн, башкалардын каталары жөнүндө сөз кылабыз. Бирок сүйгөн адам мындай кылбайт. Ошондуктан сүйүүгө ээ болгубуз келсе, анда жүрөгүбүздөгү кыйратуучу күчкө ээ болгон күнөөлүү сезимден арылышыбыз керек.

Коркуу сезими да ушундай. Эгерде коркуп турсак, же коркунучта жашап жатсак, жыйынга биринчи жолу келген, жылуу кабыл алууга жана шыктандырууга муктаж болгон бейтааныш адамга басып барып, аны менен сүйлөшө албайбыз. Же болбосо жыйын жок аймактарга барып кызмат кылуу сунушталганда, аны өтө кооптуу деп эсептеп, андан баш тартабыз. Же болбосо мүлкүбүздү камсыздандырууга акчабызды коротобуз, же болбосо жөнү жок эле ар түрдүү нерселерден коркуп, түнт адам болуп, башка адамдардын муктаждыктарын байкабай турган болуп калабыз. Мындай иштердин баары сүйүүнүн тескериси.

Ач көздүк да ушундай. Ач көз болсок, акчабызды жакшы кабарды таратууга жумшабастан, ашыкча кымбат нерселерге коротобуз. Жаныбыздан артык көргөн мүлкүбүздү жана келечегибизди камсыз кылган акчабызды тобокелге салгыбыз келбей, коопсуз жашообузга ыраазы болуп жүрө беребиз. Адамдарга караганда буюмдарга көбүрөөк кызыгабыз, атүгүл башка адамдарды байлыгыбызды көбөйтүү максатында колдоно баштайбыз. Ошентип жүрөгүбүздө сүйүүгө орун калбайт.

Ал эми келечектеги ырайымга болгон ишеним жүрөгүбүздөн күнөөлүү сезимди, коркууну жана ач көздүктү кууп чыгып, сүйүүнү жаратат.

Мындай ишеним күнөөлүү сезимди жүрөгүбүзгө жакын жолотпойт, себеби биз Машаяктын өлүмү бизди түбөлүккө актап, түбөлүккө адил кылганына толук үмүттөнөбүз (Эврейлер 10:14).

Мындай ишеним коркуу сезимин да жүрөгүбүзгө жакын жолотпойт, себеби биз «Коркпо, анткени Мен сени мененмин, үрөйүңдү учурба, анткени Мен сенин Кудайыңмын. Мен сени бекемдейм, сага жардам берем. Мен сени Өзүмдүн адилеттигимдин оң колу менен колдойм» деген убадага таянабыз (Ышайа 41:10).

Мындай ишеним ач көздүктү да жүрөгүбүзгө жакын жолотпойт, себеби Машаяк бул дүйнө бере алган бардык байлыктан артык экенине бекем ишенебиз (Матай 13:44).

Демек, Пабыл «Мындай сүйүү болсо… астейдил, чыныгы ишенимден келип чыгат» дегенде, сүйүүгө тоскоолдук кылган бардык нерселерди жеңип чыга алган ишенимдин укмуш күчү жөнүндө айтып жатат. Биз ишеним үчүн күрөшкөнүбүздө, б.а. күнөөлүү сезимди, коркуу сезимин жана ач көздүктү жок кылган Кудайдын убадаларына ишенүү үчүн күрөшкөнүбүздө, сүйүү үчүн күрөшкөн болобуз.

«Келечектеги ырайым» китебинен үзүндү (282-283-беттер).