11-июль: Биз ишеним аркылуу Рухтун иштерине күбө болобуз

Jakshy Kabar Media

11-июль: Биз ишеним аркылуу Рухтун иштерине күбө болобуз

11-июнь
Биз ишеним аркылуу Рухтун иштерине күбө болобуз
Жон Пайперден насаат сөз

«Мыйзамды аткаргандыгыңар үчүн Кудай силерге Ыйык Рухту берип, араңарда кереметтерди көрсөтүп жатабы? Же айтылган сөзгө ишенгендигиңер үчүн ошентип жатабы?».

Галаттыктар 3:5

Ар бир машаякчынын ичинде Ыйык Рух жашайт. Элчи Пабыл: «Кимде Машайактын Руху жок болсо, ал Машайактыкы эмес», – дейт (Римдиктер 8:9). Биз Кудайдын Машаякка ишенүү аркылуу куткарылуу жөнүндөгү убадаларына ишенип калганыбызда, Ыйык Рух бизге биринчи жолу келген. Андан кийин да ошол эле жол менен Ыйык Рух кайра-кайра келип, Өз ишин улантып турат.

Ошондуктан Пабыл Галаттыктар 3-бөлүм 5-аятта «Мыйзамды аткаргандыгыңар үчүн Кудай силерге Ыйык Рухту берип, араңарда кереметтерди көрсөтүп жатабы? Же айтылган сөзгө ишенгендигиңер үчүн ошентип жатабы?» деп, риторикалык суроо берип жатат. Мунун жообу белгилүү: «сөзгө ишенгендигибиз үчүн» ушундай болот.

Демек, Ыйык Рух биринчи жолу ишеним аркылуу келген болсо, кийин да ишеним аркылуу берилип турат. Ал биздин ичибизде жана биз аркылуу кандай гана иштерди жасабасын, анын баарын ишеним аркылуу кылат.

Эгерде сиз мага окшогон адам болсоңуз, анда кез-кезде Ыйык Рухтун жашооңузда кудуреттүү түрдө иштешин катуу эңсесеңиз керек. Балким жашооңузга же үй-бүлөңүзгө же жыйыныңызга же шаарыңызга Рухун мол төгүүсүн суранып, Кудайга жалынып жалбарсаңыз да керек. Мындай кылганыңыз туура жана жакшы. Ыйса: «Асмандагы Атаңар Өзүнөн сурагандарга Ыйык Рухту берери анык», – дейт (Лука 11:13).

Бирок мен өз жашоомдо көп боло турган бир нерсени байкадым: мен Кудайдын өзгөчө бир убадаларына ишене албагандыктан, Ыйык Рухка Өз ишин кылганга өзүмдү толук ача албайт экенмин. Муну менен жөн эле, Ыйык Рух сураган адамдарга берилери тууралуу убаданы айтып жаткан жокмун. Ыйык Рухка түз байланышы жок болсо да, Кудайдын менин келечегим жөнүндө кам көрүп койгону тууралуу бардык баалуу убадаларды айтып жатам. Мисалы, «Менин Кудайым силердин бардык кем-карчыңарды Машаяк Ыйса аркылуу Өзүнүн даңктуу байлыгы менен толуктайт» деген убада (Филипиялыктар 4:19). Биз өзгөчө кырдаалдарда өзгөчө убадаларга өзгөчө жол менен ишенгенибизде, Кудайдын Руху токтобостон жана кудуреттүү түрдө иштейт. Мен Ал эмнени убада кылган болсо, ошону азыр аткарышына ишенемби?

Өз жашоолорунда Ыйык Рухтун иштешин эңсеген көптөгөн машаякчыларга ушундай ишеним жетишпейт. Ыйык Рух «ишенгендигибиз үчүн» берилет (Галаттыктар 3:5). Ал жөнүндөгү бир эки убадага эле ишенгендигибиз үчүн эмес, Кудайдын келечекте биз менен болуп, жаныбызды толук кандырып, Өзүнүн Руху менен биздин бардык муктаждыктарыбызды канааттандырышына ишенгендигибиз үчүн берилет.

«Келечектеги ырайым» китебинен үзүндү (280-бет).