10-июль: Иштерине таянган жүрөк жана ишенимге таянган момун жүрөк

Jakshy Kabar Media

10-июль: Иштерине таянган жүрөк жана ишенимге таянган момун жүрөк

10-июнь
Иштерине таянган жүрөк жана ишенимге таянган момун жүрөк
Жон Пайперден насаат сөз

«Ошол күнү көп адамдар Мага: “Теңир! Теңир! Биз Сенин атыңдан пайгамбарчылык кылчу эмес белек? Сенин ысымың менен жиндерди куучу эмес белек? Сенин ысымың менен кереметтерди көрсөтчү эмес белек?” – дешет».

Матай 7:22

«Ишенимге» таянган жүрөк менен «иштерине» таянган жүрөктүн ортосундагы айырманы карап көрөлү.

Иштерине таянган жүрɵк ɵз күчү менен бир ишти аягына чыгарганда, өзү менен сыймыктанат. Мындай жүрөк тик аскага чыгуу, жумушта кошумча жоопкерчиликтерди алуу же согуш жүрүп жаткан жерде өз өмүрүн тобокелге салуу, марафондо чуркап өзүн кыйноо же бир нече жума бою орозо тутуу сыяктуу иштерди жасаганга умтулат. Мунун баарын ал жеңишке болгон чаңкоосун кандыруу үчүн ɵз эркинин күчүнɵ жана денесинин туруктуулугуна таянып жасайт.

Иштерине таянган жүрɵк таптакыр тескери жүрүм-турумга да ээ болушу мүмкүн. Мисалы, мындай жүрɵк кɵпчүлүк туура деп эсептеген кичи-пейилдүүлүккɵ, адептүүлүккɵ жана адеп-ахлакка каршы чыгат жана мындай мамилеси ɵзүнүн кɵз карандысыздыгын, ɵз жашоосун ɵзү билгендей башкара ала турганын жана эч кимдин жардамына муктаж эместигин кɵрсɵтɵт (Галаттыктар 5:19-21). Бирок адам адептүүлүктү такыр четке каккан иштерди жасайбы же тескерисинче адепсиздикке каршы катуу күрөшүп, жогоруда аталган жакшы иштерди жасайбы – тигинисине да, мунусуна да түрткү берген нерсе – бул өзүнүн ким экенин көрсөткүсү келген, өзүн даңктагысы келген жүрөк. Эки жүрүм-турум тең көз карандысыз, өзүнүн күчүнө гана таянган жана өзү менен сыймыктанган жүрөккө таандык. Мындай жүрүм-турумга ээ болгон жана иштерине таянган жүрөккө канааттануу берген негизги нерсе – бул өзүнүн өжөрдүгүн, көз карандысыздыгын жана мүмкүн болушунча эч нерседен жеңилбестигин көрсөтүү каалоосу болуп саналат.

Ал эми ишенимге таянган жүрɵк таптакыр башкача. Иштерине таянган жүрөктөй эле, анын да келечекке болгон үмүтү жана ишке ашыргысы келген каалоолору аз эмес. Бирок анын эңсегени – Ыйса аркылуу Өзүн толук ачып берген Кудайды таануу жана Анын Ɵзүнөн толук ырахат алуу.

«Иштерге таянган жүрɵк» кандайдыр бир тоскоолдукту ɵзү жеңип ɵткɵнү үчүн кубанса, «ишенимге таянган жүрɵк» ал тоскоолдукту Кудай менен жеңип ɵткɵнү үчүн кубанат. Иштерге таянган жүрɵк ɵзүнүн жөндөмдүү, күчтүү жана акылдуу адам катары даңкталуусунан келген кубанычты эңсейт. Ал эми ишенимге таянган жүрɵк Кудайдын жөндөмдүү, күчтүү, акылман жана ырайымдуу Кудай катары даңкталганын кɵрүүдɵн келген кубанычты эңсейт.

Рухий жашоодо болсо иштерге таянган жүрɵк адеп-ахлакка тиешелүү талаптардын баарын аткарып, чоң күч менен бардык кыйынчылыктарды жеңип чыгат жана ɵзүнүн жеңиши үчүн Кудайдын жактыруусун, Андан ыраазычылыкты жана сыйлыкты күтөт. Ал эми ишенимге таянган жүрɵк адеп-ахлакка тиешелүү талаптарды аткарууну Кудайдын колундагы курал болуу мүмкүнчүлүгү катары кабыл алат. Жеңишке жеткенде, ишенимге таянган жүрɵк бардык даңк жана ыраазычылык Кудайга таандык экенине кубанат.

«Келечектеги ырайым» китебинен үзүндү, 278-279-беттер.