9-июль: Ыйсанын депрессияга каршы күрөшкɵн алты жолу

Jakshy Kabar Media

9-июль: Ыйсанын депрессияга каршы күрөшкɵн алты жолу

9-июнь
Ыйсанын депрессияга каршы күрөшкɵн алты жолу
Жон Пайперден насаат сөз

«Ал Петир менен Зебедейдин эки уулун жанына ээрчитип алды. Анын көңүлү чөгүп, жаны кейип турду».

Матай 26:37

Ыйык Китеп айкаш жыгачка кадалардан бир түн мурун, Ыйсанын ички дүйнөсүндө эмнелер болгонун укмуштуудай сүрөттөп берет. Ал кайгыга жана депрессияга каршы Ɵзүнүн стратегиялык күрɵшүн кантип жүргүзгөнүн тɵмɵнкү пункттардан кɵрүп, Андан сабакалыңыз.

1. Ыйса Ɵзүнүн жакын санаалаштарын жанына алып алды. «Ал Петир менен Зебедейдин эки уулун жанына ээрчитип алды» (Матай 26:37).
2. Ыйса Ɵзүнүн жүрɵгүн аларга ачып берди. Ал аларга: «Жаным аябай кыйналып турат», – деди (Матай 26:38).
3. Ыйса алардын бул согушта Ага колдоо кɵрсɵтүп, арачылык кылып сыйынып, кайгысына ортоктош болуп берүүсүн суранды. «Бул жерде калып, Мени менен бирге сергек болгула» (Матай 26:38).
4. Ыйса сыйынуу аркылуу жүрɵгүндɵгүсүн Атасына тɵгүп берди. «Ата! Мүмкүн болсо, ушул чөйчөк Менин жанымдан кыя өтүп кетсинчи» (Матай 26:39).
5. Ыйса Кудайдын эгемендүү акылмандыгына таянды. «Бирок Мен каалагандай эмес, Сен каалагандай болсун» (Матай 26:39).
6. Ыйса айкаш жыгачтагы өлүмдөн кийин күтүп турган келечектеги даңктуу ырайымдан жүзүн бурган жок. «Ал алдыда күтүп турган кубанычтын ордуна, шылдың болгонуна карабай, айкаш жыгачка керилип, азапка чыдады, андан кийин Кудайдын тактысынын оң жагына отурду» (Эврейлер 12:2).

Жашооңузда келечегиңизге коркунуч туудурган нерсе пайда болгондо, тɵмɵнкүлɵрдү эсиңизден чыгарбаңыз: сизге каршы биринчи сокку урулганда, Ыйса Гетсемания багында Өзүн кандай сезсе, ошондой сезимдерге ээ болуунун өзү күнөө эмес. Чыныгы коркунуч ошондой сезимдерге алдырып, колдоруңузду түшүрүп, рухий күрɵшкɵ каршы күрөштү токтотуп койгонуңузда пайда болот. Ошол күнɵɵкɵр багынуунун тамыры бул – ишенбестик, б.а. келечектеги ырайымга болгон ишеним үчүн күрɵшɵ албоочулук. Кудайдын Ыйса аркылуу бизге убада кылган бардык нерселерин сактап кала албагандык.   

Ыйса бизге Гетсеманияда көрсөткөн жолдо азаптар болбой койбойт. Бирок ал багынуунун жолу эмес, аракеттин жолу. Анын жолун жолдоңуз. Ишенимдүү рухий досторду табыңыз. Жүрɵгүңүздү аларга ачып бериңиз. Сиз менен чогуу сергек болуп сыйынып турууларын сураныңыз. Өзүңүздү кандай сезип жатканыңызды Кудайга айтып бериңиз. Анын эгемендүү акылмандуулугуна таяныңыз жана сизди алдыда күтүп турган Кудайдын баалуу жана укмуштуудай убадаларындагы кубанычына умтулуңуз.

“Келечектеги ырайым” китебинен алынды, (307-308-беттер).