8-июль: Куткаруучу ишенимге ээ болгон адам кечиргенди жакшы көрөт

Jakshy Kabar Media

8-июль: Куткаруучу ишенимге ээ болгон адам кечиргенди жакшы көрөт

8-июнь
Куткаруучу ишенимге ээ болгон адам кечиргенди жакшы көрөт
Жон Пайперден насаат сөз

«Бири-бириңерге кайрымдуу, боорукер болгула. Кудай силерди Машаяк аркылуу кечиргендей, бири-бириңерди кечиргиле.».

Эфестиктер 4:32

Куткаруучу ишеним – бул жөн эле куткарылууга ишенүү эмес. Куткаруучу ишенимге ээ болгон адам бир жагынан күнөө канчалык үрөйдү учурган нерсе экенин көрсө, бир жагынан Кудай канчалык ыйык экенин көрөт, андан соң рухий деңгээлде Кудайдын кечирими сөз менен сүрөттөй алгыс улуу жана ажайып экенин терең түшүнүп жетет. Биз мындай кечиримди жөн эле кабыл алып койбой, ага суктанабыз. Мынчалык улуу жана кечиримдүү Кудай менен болгон жаңы достугубузга карата жүрөгүбүздө ыраазычылык пайда болот.

Кудайдын кечиримине ишенүү – бул жөн эле жазадан кутулганыңа ишенүү эмес. Мындай ишенимге ээ болгон адам Кудайдын кечирими ааламдагы эң кымбат нерсе экенин түшүнөт. Куткара турган ишенимге ээ болгон адам Кудайдын кечиримин баалайт, ошондуктан кечирим берген Кудайдын Өзүн, Анын бизге Ыйсада ачылып берилген мүнөзүн кадырлайт. Ушундай тажрыйба адамдын башкаларды кечирген адам болушуна өзүнүн чоң таасирин тийгизет.

Машаяк өткөн чакта айкаш жыгачтагы өлүмү аркылуу улуу иш жасап, бизге кечиримди алып берген. Мурун болуп өткөн ушул окуяны эстөө аркылуу, биз өзүбүз мындан кийин дайыма ээ боло турган ырайымды таанып билебиз (Римдиктер 5:2). Кудай бизди азыр да, келечекте да дайыма сүйөрүн жана кабыл аларын түшүнөбүз. Тирүү Кудай кечирим берген Кудай экенин билип калабыз.

Бирок ушул кечиримди мындан кийин да түбөлүккө укмуштуудай жол менен татып турабыз. Бизди кечирген улуу Кудай менен болгон жана кубанычка толгон мамилебиз түбөлүккө созулат. Ошондуктан кечиримдүү Кудай менен болгон жана бардык муктаждыктарыбызды канааттандырган мамилебиз бизди башкаларды кечире алган эркин адамга айлантат. Мындай кечиримдүүлүк биздин өмүрүбүз сыяктуу түбөлүккө созулат.

Биз үчүн ишеним арттагы айкаш жыгачты карап, жазадан кутулганыбызды түшүнүү дегенди эле билдирсе, бирөөнү кечире албашыбыз мүмкүн экенин өз жашоомдо көргөм. Ошондо мен чыныгы ишеним эмне экенин дагы да тереңирээк түшүнгөнгө мажбур болгом. Ал жөн эле жазадан кутулганыңа кубанууну эмес, Кудай Өзүн бизге Ыйсада кандай ачып берген болсо, ошонун баарына терең канааттанууну билдирет. Мындай ишенимге ээ болгон адам артты караганда, өзүнүн жазадан кутулганын гана түшүнбөстөн, бизге түбөлүктүү келечекти сунуш кылып, анын ар бир күнүндө Өзү менен элдешүү жана мамилелешүү мүмкүнчүлүгүн берген Кудайды көрөт жана Андан ырахат алат. Мындай кечиримге бай Кудай менен болгон мамилеге ээ болуу жана андан толук канааттануу алуу биздин башкаларды кечире алган адам болушубузга өзүнүн чоң салымын кошот.

«Келечектеги ырайым» китебинен алынды (271-бет).