7-июль: Машаякчы бир тууганың сени капа кылса

Jakshy Kabar Media

7-июль: Машаякчы бир тууганың сени капа кылса

7-июнь
Машаякчы бир тууганың сени капа кылса
Жон Пайперден насаат сөз

«Күнөөдөн арылып, адил жашашыбыз үчүн, Ал биздин күнөөлөрүбүздү Өзүнүн денеси менен жыгачка көтөрүп чыкты. Силер Анын жарааты менен айыктыңар».

1 Петир 2:24

Машаякчы бир тууганыбыз күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сураса, биз эмненин негизинде аны кечиребиз жана кек сактабайбыз?

Бирөө бизге каршы абдан жаман иш кылса, биздин ага каарданбаганыбыздын жана акыйкаттыкты талап кылбаганыбыздын себеби, ал машаякчы болгонунда эле эмес. Тескерисинче, машаякчы адам ушундай иш кылса, биз дагы да көбүрөөк капа болот эмеспизби. Анан да, «кечирип койчу!» деген сөздөр көп учурда түрү суук жамандыктын айынан ооруган жүрөгүбүздү такыр соорото албагандай сезилет.

Бирок машаякчы бир тууган ушундай иш кылганда, Кудайдын бизге жамандык кылгандарга каарын төгөм деген убадасы бул жагдайга туура келбейт, себеби «азыр Машаяк Ыйсанын ичинде жашап жаткандарга эч кандай айып коюлбайт» (Римдиктер 8:1). «Анткени Кудай бизди [машаякчыларды] каарга эмес, биз үчүн өлгөн Теңирибиз Ыйса Машаяк аркылуу куткарылууга белгилеген» (1 Тесалоникалыктар 5:9). Андыктан машаякчылар кылган жаман иши үчүн жаза албай, кутулуп кетчүдөй сезилет!

Анда акыйкаттык болоруна кантип ишенсек болот? Машаякчылык ишеним бул күнөөнүн олуттуулугун маскара кылуу эмес экенине кантип ишенсек болот?

Буга жоопту Машаяктын айкаш жыгачын караганда табабыз. Бизге каршы нукура ишенүүчүлөр жасаган бардык жаман иштердин жазасы Ыйсанын өлүмү аркылуу төлөнгөн. «Кудайдын элинин бардык күнөөлөрү Ыйсанын мойнуна жүктөлгөн» деген жөнөкөй бирок укмуштуу факты ушуну билдирет. «Теңир баарыбыздын күнөөлөрүбүздү Анын мойнуна жүктөдү» (Ышайа 53:6; 1 Петир 2:24).

Бир туугандарыбыздын бизге каршы кылган бардык күнөөлөрүнүн жазасын жана тиешесин Кудай Машаякты азап чектирүү аркылуу чындап берген. Андыктан машаякчылыкта күнөөгө карата жеңил ойлуулук кылынбайт. Машаякчылыкта биз чеккен азап маскара кылынбайт.

Тескерисинче, машаякчылыкта күнөөлөргө ушунчалык олуттуу мамиле кылынгандыктан, күнөөлөрдүн көйгөйүн чечүү үчүн, Кудай Өз Уулуна азап чектирген. Кимдир бирөө бизге каршы кылган жаман иши үчүн кандай гана жазага татыктуу деп ойлойбойлу, Машаяк ал иш үчүн алда канча көп азап чеккен. Эгерде биз машаякчы бир тууганыбызга карата кек сактап жүрсөк, демек биз Машаяк Өзүнүн айкаш жыгачтагы азабы менен Кудайдын элинин күнөөлөрү үчүн жетишээрлик жаза өтөбөгөн деп эсептеген болобуз. Бул Машаякка жана анын айкаш жыгачына акарат кылууга жатат. Эч кимибиз мындай кылгыбыз келбейт!

«Келечектеги ырайым» китебинен алынды (268-бет).