6-июль: Машаяк ачууну кантип жеңген?

Jakshy Kabar Media

6-июль: Машаяк ачууну кантип жеңген?

6-июнь
Машаяк ачууну кантип жеңген?
Жон Пайперден насаат сөз

«Кордошкондо, Ал кордоо менен жооп берген эмес. Азап тартканда, эч кимди коркуткан эмес, бирок адилет Сотко тапшырган».

1 Петир 2:23

Эч ким башка адамдардан Ыйсага окшоп жамандык көргөн эмес. Ыйса Өзүнө каршы болгон кастыктын бир уучуна да татыктуу болгон эмес. Тарыхта эң көп урмат-сыйга татыктуу болгон, бирок тескерисинче ошончолук кемсинтилген бирөө болгон болсо, Ал – Ыйса.

Кимдир бирөөнүн ачууланганга, кек сактаганга жана өч алганга укугу болгон болсо, анда ал – Ыйса. Анын ырайымы менен тирүү жүргөн шүмшүк адамдар Анын жүзүнө түкүргөндө, Ал Өзүн кантип кармаган? Мунун жообун 1 Петир 2:23-аяттан окусак болот: «Кордошкондо, Ал кордоо менен жооп берген эмес. Азап тартканда, эч кимди коркуткан эмес, бирок адилет Сотко тапшырган».

Бул аяттын мааниси Ыйса Кудайдын келечектеги адилет сотунун ырайымына ишенгендигин билдирет. Ал көргөн бардык кордуктары үчүн өч алганга муктаж болгон эмес, себеби Ал Кудайдын акыйкаттыгына ишенген. Өч алууну Кудайга тапшырып, душмандары үчүн мындай деп сыйынган: «Ата, буларды кечире көр! Анткени эмне кылып жатышканын билишпейт» (Лука 23:34).

Кантип жашоону Ыйсадан үйрөнүшүбүз үчүн, Петир бизге Ыйсанын ишеними кандай болгонун айтып берет: «Анткени силер ушуга чакырылгансыңар. Себеби Машаяк да биз үчүн азап тарткан. Анын изи менен басышыбыз үчүн, Ал бизге үлгү калтырып кеткен» (1 Петир 2:21).

Эгерде Машаяк Кудайдын акыйкат Сот катары берген убадаларына ишенүү аркылуу кек сактоону жана өч алуу каалоосун жеңген болсо, анда биз да андан бетер ошондой кылышыбыз керек, себеби адамдардын жаман мамиле кылганына Ыйсачалык наалыганга биздин укугубуз жок.

«Келечектеги ырайым» китебинен алынды (268-бет).