5-июль: Кудайдын каарына орун бергиле

Jakshy Kabar Media

5-июль: Кудайдын каарына орун бергиле

5-июнь
Кудайдын каарына орун бергиле
Жон Пайперден насаат сөз

«Сүйүктүүлөр, өзүңөр үчүн өч албагыла, тескерисинче, Кудайдын каарына орун бергиле. Анткени Ыйык Жазууда: “Теңир мындай дейт: Өч Меники, Мен тиешесин берем”, – деп жазылган».

Римдиктер 12:19

Эмне үчүн бул убада бизге ачуубузду жана өч алуу каалообузду жеңгенге жардам берген абдан маанилүү убада болуп саналат? Себеби бул убада биздин жүрөгүбүздө каарданууну козгогон каалообузду канааттандырат. Ал каалоо өзү такыр эле терс каалоо эмес.

Көпчүлүк учурларда бирөөлөр бизге карата чындап эле туура эмес иш кылганы үчүн, биз каарданабыз. Ошондуктан биздин акыйкаттыкты талап кылганыбыз туура эле нерсе. Бирок биз өзүбүз акыйкаттыкты орнотушубуз керек деп, андай болмоюнча кек сактаганыбыз туура эмес. Бул чоң ката болуп эсептелинет.

Рухий семинарияда окуп жүргөн кезибизде, Ноэл экөөбүз жубайларга арналган чакан топка катышып калдык. Анда жеке адамдын жүрөгүнүн түпкүрүндө сакталган сезимдер жөнүндө талкууларды жүргүзчүк. Бир күнү кечинде кечирим жана ачуулануу жөнүндө сүйлөшүп отурсак, жаш айымдардын бири апасын жаш кыз кезинде кылган иши үчүн кечире албастыгын жана кечирбей тургандыгын айтып калды.

Анан биз кечире албаган адамдарга берилген Ыйык Жазуудагы кээ бир осуяттарды жана эскертүүлөрдү талкууладык.

  • «Бири-бириңерге кайрымдуу, боорукер болгула. Кудай силерди Машаяк аркылуу кечиргендей,бири-бириңерди кечиргиле» (Эфестиктер 4:32).
  • «Эгерде башкалардын күнөөлөрүн кечирбесеңер, анда Атаңар да силердин күнөөлөрүңөрдү кечирбейт» (Матай 6:15).

Бирок жанагы айым дагы деле өзүнүн оюн өзгөрткөн жок. Ошондуктан мен ага: «Апаңызды кечирбей, ага карата таарынычыңызды сактап жүрө берсеңиз, өзүңүздүн жаныңыздын куткарылуусун тобокелге салган болосуз», – деп эскерттим. Бирок ал апасын кечирбейм дегенден такыр кайтпады.

Римдиктерге жазылган каттын 12-бөлүмүндө Кудай Өз ырайымы менен бизге акыйкат сотту убада кылып, бизге өлүмгө дуушар кыла турган өч алуу жана кек сактоо рухун жеңгенге жардам берет.

Пабыл Кудай бардык жаман иштердин тиешесин берерине жана биз өч алуу каалообузду Ага тапшырсак болоруна, себеби Ал Өзү өч аларына толук ишенсек болорун айтат. Бизди өч алуу каалообуздан арылганга шыктандыруу үчүн, Ал бизге Кудайдын «Мен тиешесин берем» деген убадасын эскертет.

Бизди кечире албастыктан, таарынычтан жана кек сактоо каалоосунан бошоткон убада – Кудайдын биздин ордубузга Өзү эсептешем деген убадасы. Ал муну бизге караганда алда канча адилеттүү, ырайымдуу жол менен жана кылдаттык менен жасайт. Ал бардык күнөөлөрдү жазалайт жана Андан эч ким качып кете албайт. Тобо кылып, Машаякка ишеним арткандар үчүн, Ал муну айкаш жыгачта Машаякта ишке ашырат, ал эми андай кылбагандар үчүн, тозокто ишке ашырат. Андыктан биз өжөрлөнбөй, Кудайга Өзүнүн кемчиликсиз ишин кылганга жол берсек болот.

«Келечектеги ырайым» китебинен үзүндү (265-266-беттер).