4-июль: Менин жаным качан канааттанат?

Jakshy Kabar Media

4-июль: Менин жаным качан канааттанат?

4-июнь
Менин жаным качан канааттанат?
Жон Пайперден насаат сөз

«Сенин Мага болгон сүйүүң алардын ичинде болушу үчүн, Мен алардын ичинде болушум үчүн, Мен Сенин ысымыңды аларга ачып бердим жана ачып бере берем».

Жакан 17:26

Эң жагымдуу нерсе жана чексиз, түгөнбөгөн энергия менен түбөлүк кубануу, чексиз ырахаттануу кандай экенин элестетиңиз.

Муну азыр биз тажрыйбабыздан өткөрө элекпиз. Бул дүйнɵдɵ толук канааттанууга жетишибиз үчүн жолубузда үч нерсе турат.

1. Бул дүйнөдө биздин жүрөгүбүздүн эң терең каалоолорун канааттандырарлык деңгээлде баалуу болгон эч нерсе жок.
2. Бул дүйнөдөгү эң сонун байлыктардан жетиштүү деңгээлде ырахат алууга биздин күчүбүз жетишсиз. Алар биздин жан-дүйнөбүздү кандыра албайт.
3. Бул жашоодон алган кубанычыбыздын аягы бар. Бул дүйнөдө эч нерсе түбɵлүккɵ созулбайт.

Бирок, эгерде Жакан 17:26-аяттагы Ыйсанын максаты ишке ашса, анда мунун баары ɵзгɵрɵт. Ал Атасына биз үчүн мындай деп сыйынат: «Сенин Мага болгон сүйүүң алардын ичинде болушу үчүн, Мен алардын ичинде болушум үчүн, Мен Сенин ысымыңды аларга ачып бердим жана ачып бере берем».

Кудай Уулун күнɵɵкɵрлɵрдү сүйгɵндɵй сүйбɵйт. Кудай Аны Ал чексиз сүйүүгɵ татыктуу болгондуктан сүйɵт. Башкача айтканда, Ал Ыйсаны абдан сүйүктүү болгондуктан сүйɵт. Кудайдын Уулуна болгон сүйүүсү – бул Кудайга толугу менен жагымдуу сүйүү. Ыйса Кудайга кандай ырахат тартууласа, бизге да ошондой ырахатты бергиси келет жана биздин ага ээ болушубуз үчүн сыйынат.

Эгерде Кудайдын Уулундагы кубанычы биздин кубанычыбызга айланса, анда биздин кубанычыбыздын максаты болгон Ыйсанын жекече баалуулугу биз үчүн түгɵнгүс болот. Ал эч качан биздин көңүлүбүздү калтырбайт, биз үчүн кызыксыз же жагымсыз болбойт. Кудай Уулунан башка улуу байлык жок.

Андан тышкары, Ыйса биздин Аны ɵзүбүздүн байлыгыбыз катары кубана турган жɵндɵмдүүлүгүбүз, энергиябыз жана каалообуз адамдык алсыздыктар менен чектелбеши үчүн сыйынат. Кудайдын Ыйса менен кубануусу биздин да кубануубузга айланат.

Кудайдын Уулундагы кубануусу биздин ичибизде болот жана биздин кубанычка айланат. Бул эч качан бүтпɵйт, анткени Ата да, Уул да түбɵлүктүү. Алардын бири-бирине болгон сүйүүсү биздин Аларга болгон сүйүүбүз болот, ошондуктан биздин Аларга болгон сүйүүбүз да эч качан бүтпɵйт.

«Кудайга кубаныч тартуулаган нерселер» китебинен алынды (12-13-беттер).