3-июль: Жакшы Кабар: Кудай бактылуу

Jakshy Kabar Media

3-июль: Жакшы Кабар: Кудай бактылуу

3-июнь
Жакшы Кабар: Кудай бактылуу
Жон Пайперден насаат сөз

«…даңазалуу Кудайыбыздын мага ишенип тапшырган Жакшы Кабары…».

1 Тиметей 1:11

Жогорудагы кооз угулган сөздөр биз өтө көп колдонгондуктан маанилерине көңүл бурбай калган сөздөргө кирет. Бирок бул сөздөрдү тереңирээк изилдей келсек; «Бактылуу Кудайдын даңкынын жакшы кабары» деген сөз айкашы келип чыгат. Бул аятта кыргызчага «даңазалуу» деп которулган сөз түп нускада «даңктуу» дегенди эмес, «бактылуу» дегенди билдирет.

Бактылуулук – Кудайды даңктуу кылып турган негизги нерселердин бири.

Элчи Пабыл чексиз даңкка бөлөнгөн Кудайдын чексиз кубанычка бөлөнбөгөн Кудай болушун такыр элестете албайт. Чексиз даңктуу болуу чексиз бактылуу болууну билдирет. Пабылдын «бактылуу Кудайдын даңкы» деген сөздөрдү колдонушунун себеби Кудайдын бактылуу болушу Аны даңктуу кылып турганында.

Кудайды даңктуу кылып турган нерсе негизинен Анын биз такыр элестете алгыс деңгээлде бактылуу болгондугу. Он сегизинчи жылда жашаган улуу насаатчы Жонатан Эдвардс айткандай: «Кудай бизге берген толуктуктун бир бөлүгү – бул бактылуулук. Бул бактылуулук Кудай Өзү Өзүнөн ырахат жана кубаныч алганын билдирет. Ал жараткан тирүү жандардын бактылуулугу да ушундай».

Жакшы Кабардын маңызын түзүп турган нерселердин бири ушул. Пабыл: «Бактылуу Кудайдын даңкынын жакшы кабары», – дейт. Ал укмуш бакытка бөлөнгөн Кудай жөнүндөгү жакшы кабар тууралуу айтып жатат. Эч кимибиз түбөлүккө кабагы бүркөк жана бактысыз Кудай менен жашагыбыз келбесе керек!

Эгерде Кудай бактысыз болсо, анда жакшы кабардын максаты, б.а. Кудай менен түбөлүккө болуу да бизди бактылуу кыла турган максат эмес. Мындай кабарды жакшы кабар дегенге болбойт. Бирок чындыгында Ыйса: «Кожоюнуңдун кубанычына ортоктош бол» – дегенде, бизди бактылуу Кудай менен түбөлүккө бирге болууга чакырат (Матай 25:23).

Жакандын жакшы кабарынын 15:11-аятында Ыйса мындай дейт: «Силерде Менин кубанычым болсун деп, силерде толук кубаныч болсун деп, Мен силерге ушул сөздөрдү айттым». Ыйса Өзү ээ болгон Кудайдын кубанычын бизге берип, биздин кубанычыбызды жеткилең кылуу үчүн, насаат айткан, жашаган жана Өз өмүрүн берген. Ошондуктан жакшы кабар – бул «бактылуу Кудайдын даңкы жөнүндөгү жакшы кабар».  

«Кудайга кубаныч тартуулаган нерселер» китебинен алынды (11-12-беттер).