1-июль: Кудай бизге жакшылык кылгандан кубаныч алат

Jakshy Kabar Media

1-июль: Кудай бизге жакшылык кылгандан кубаныч алат

1-июнь
Кудай бизге жакшылык кылгандан кубаныч алат
Жон Пайперден насаат сөз

«Кичинекей үйүр, коркпо! Анткени Атаңар силерге Падышачылыкты бергиси келет».

Лука 12:32

Биз шектенүүгө алдырсак, Ыйса жөн эле карап отура бербейт, тескерисинче Ал биз үчүн күрөшөт. Ал Өз сөзүн курал катары колдонуп, аны ишене албай жаткандарга катуу таасир бергидей кылып сүйлөйт.

Биз «Кудай бизге чын дилден жакшылык кылгысы келген Кудай эмес, чындыгында Ал берешен, жардам берүүгө даяр, боорукер жана мээримдүү Кудай эмес, тескерисинче бизди жактырбаган, бизге жамандык каалаган жана каарданган Кудай» деп коркконубузда, Ыйса ал коркунучту жок кылгысы келет.

Кээде Кудай бизге жакшылык каалаганына акылыбыз менен ишенсек да, жүрөгүбүздүн түпкүрүндө Ал бизге чын көңүлдөн эмес, аргасыздан жакшылык кылса керек деп, балким Аны сот ишинде акылдуу жактоочунун келтирген жүйөсүнөн улам, кылмышкерге карата арга жок актоо өкүмүн чыгарган, бирок чындыгында кылмышкерди түрмөгө отургузгусу келген сотко салыштырышыбыз мүмкүн.

Бирок Ыйса Кудай жөнүндөгү мындай туура эмес оюбузду, сезимдерибизди өзгөртүү үчүн болгон аракетин жумшайт. Лука 12:32-аятта Ал Кудайдын жан дүйнөсү биз элестете алгыс жакшылыкка толгон жана суктанарлык экенин түшүндүрүү үчүн, Кудайдын бизге Өз падышачылыгын берүү каалоосу өтө чоң экенин айтат.

«Кичинекей үйүр, коркпо! Анткени Атаңар силерге Падышачылыкты бергиси келет». Бул ажайып сүйлөмдөгү ар бир сөздү Ыйса бизди кыйнаган коркунучту алып салуу үчүн, тагыраак айтканда, биздин «Кудай бизге жакшылыгын аяйт; бир жакшы иш кылганда, аны чын жүрөктөн эмес, аргасыздан кылат; чындыгында Ал кыжыры келип, бизге каарын төккөндү жакшы көрөт» деген оюбузду өзгөртүү үчүн айткан.

Лука 12:32-аятта Кудайдын табияты, жүрөгү кандай экени айтылат. Бул аятта Кудайга эмне жагары – жөн эле Ал эмне кыла турганы же эмне кылышы керектиги эмес, эмне кылгандан кубаныч алары, эмне кылганды жакшы көрөрү жана эмне кылган Ага жыргал экени айтылат. Бул аяттагы ар бир сөз маанилүү. «Кичинекей үйүр, коркпо! Анткени Атаңар силерге Падышачылыкты бергиси келет!»

«Кудайга кубаныч тартуулаган нерселер» китебинен алынды (251-бет).