30-июнь: Келечектеги каарга карата Кудайдан жардам

Jakshy Kabar Media

30-июнь: Келечектеги каарга карата Кудайдан жардам

30-июнь
Келечектеги каарга карата Кудайдан жардам
Жон Пайперден насаат сөз

«Кудай адилетүү: силерди кордогондорго Ал кордук көрсөтөт, кордолуп жаткан силерге кубаныч тартуулайт. Теңир Ыйса Өзүнүн күчтүү периштелери менен, жалындаган от менен асмандан келгенде ушундай болот. Ошондо Ал Кудайды тааныбагандарды жана биздин Теңирибиз Ыйса Машаяктын Жакшы Кабарына баш ийбегендерди жазалайт».

2 Тесалоникалыктар 1:6-8

Кудайдын чыдамдуулугунун чеги жеткен мезгил келет. Кудайдын Өз эли өлтүрүлүп жана белгиленген санды толуктагандан кийин (Аян 6:11), асмандан адилет сот жана өч ал турган мезгил келет.

Кудайдын Өз элин кысымга алгандардан өч алганы, бизге берилген жеңилдик экенин байкоого болот. «Кудай силерди кордогондорду кордук менен жазалайт жана кордук көргөндөргө кубаныч берет». Башкача айтканда, бизге «кордук көрсөткөндөр» үчүн чыгарылган өкүм, бизге берилген ырайымдын бир түрү деп түшүнсөк болот.

Кудайдын Өз элине ырайым кылып, алар үчүн өч алып, адилет сот жүргүзүшү бул Бабылдын кыйратылышы Аян 18-бөлүмдө сүрөттөлгөн.
Бабыл кыйратылганда, асмандан мындай үн угулду: «Асман, ыйыктар, элчилер жана пайгамбарлар, буга кубангыла, анткени Кудай алардын үстүнөн сот жүргүзүп, силер үчүн өч алды» (Аян 18:20).

«Ошондон кийин мен асмандан көп кишинин үнүндөй болгон катуу үндү уктум, ал үн мындай деди: “Кудайды даңктагыла! Куткаруу иши, даңк, урмат-сый жана күч биздин Кудай-Теңирибизге таандык. Анткени Анын өкүмдөрү адилет жана акыйкат! Анткени Ал бузуктугу ашынган аялды соттоду. Ал аял жер жүзүн өзүнүн бузуктугу менен бузган. Кудай Өзүнүн кулдарынын каны үчүн андан өч алды”» (Аян 19:1-2).

Кудайдын чыдамы акырына жетип, бул доор бүткөндө жана Кудайдын элинин душмандарына сот өкүмү чыкканда, ыйыктар Кудайдын адилеттүүлүгүн четке кагышпайт.
Кудайдын эли тобо кылбагандарга окшоп эч качан биротоло жок кылынбайт.

«Келечектеги ырайым» китебинен үзүндү, 263-бет.