29-июнь: Иш жүзүндɵгү сүйүүнүн бекем тамыры

Jakshy Kabar Media

29-июнь: Иш жүзүндɵгү сүйүүнүн бекем тамыры

29-июнь
Иш жүзүндɵгү сүйүүнүн бекем тамыры
Жон Пайперден насаат сөз

«Өлүмдөн өмүргө өткөнүбүздү биз билебиз, анткени бир туугандарыбызды сүйөбүз».

1 Жакан 3:14

Ошентип, сүйүү биздин кайра тɵрɵлгɵнүбүздүн, машаякчы экенибиздин жана куткарылганыбыздын далили.

Ыйык Китептин кээ бир жерлеринде биздин түбөлүк куткарылуубуздун шарты бул биздин ыйыктыгыбыз жана башкаларга болгон сүйүүбүз экендиги жазылган. Башкача айтканда, эгер биз ыйык болбосок жана сүйбɵсɵк, сот күнүндɵ куткарылууга ээ болбойбуз. (Мисалы: Эврейлер 12:14; Галаттыктар 5:21; 1 Корунттуктар 6:10.) Бул сүйүү менен кылган иштерибиздин натыйжасында гана Кудай менен мамилебизди оңдой алабыз дегенге жатпайт. Жок, Ыйык Жазууда бул жɵнүндɵ так жазылган, Эфестиктер 2:8-9-аяттарда мындай деп айтылат: «Силер ырайымдын негизинде ишеним аркылуу куткарылдыңар, бул силерден эмес, бул – Кудайдын белеги. Эч ким мактанбашы үчүн, бул кылган иштерден да эмес». Ыйык Жазуу биздин ишеним аркылуу куткарылганыбызды, бирок ошол куткарылууга жетүү үчүн адамдарды сүйүшүбүз керектигин айтат. Бул аркылуу Ыйык Китеп Кудайдын убадаларына болгон ишенимибиз абдан күчтүү болушу керектигин жана ошонун негизинде пайда болгон сүйүү ишенимибиздин чыныгы экенин далилдейт деп айткысы келген.

Башка адамдарга болгон сүйүүбүз ушул биринчи шарттын чындык экендигин көрсөтүп турат. Биздин сүйүүбүз чыныгы ишенимге ээ экенибизди көрсөтүп турат. Биз башкаларга болгон сүйүүнү экинчи шарт деп атасак болот жана бул шарт бизди Машаяк менен бириктирип, Анын күчүн алууга жардам берген ишенимдин эң негизги жана биринчи шартынын аныктыгын тастыктайт.

Ишеним Кудайдын даңкын келечектеги ырайымдын убадалары аркылуу кабыл алат. Ал убадалар Кудай Ыйса аркылуу биз үчүн эмнелерди ачып берерин ɵзүнɵ камтыйт. Бул Кудайдын даңкынын рухий көрүнүшү жана бул биздин келечекте Кудайдан чындап ырайым ала тургандар экендигибизди жана Анын даңкын сүйөрүбүздү далилдейт.

Бул нерсе Кудайдын жеке бизге берген убадасы катары ишене ала турганыбызды кɵрсɵтɵт жана бул убадага ишенүү жана таянуу бизге башкаларды сүйүүгө күч берет. Бул биздин ишенимибиздин чыныгы экендигин тастыктайт.

Дүйнө эки нерсени айкалыштырган ишенимге абдан муктаж: Биринчиси бул Кудай жɵнүндɵгү чындыкты кɵрүп ага таң калышкан адамдардын ишеними. Экинчиси болсо, башкаларды боштондукка чыгаруучу, бул дүйнɵнү ɵзгɵртүүчү, иш-жүзүндɵгү жана түгɵнгүс күчкɵ толгон адамдардын ишеними. Мен дагы ошону каалайм. Ошондуктан мен машаякчымын.

Ɵзүнɵ ишенген алсыз адамдарга берген Өзүнүн убадасын аткаруу менен Өзүнүн чексиз кооздугун жана эч нерсеге муктаж эместигин даңазалаган улуу, ырайымдуу Кудай бар. Жашообуздун бир дагы бөлүгүн ɵзгɵрүүсүз калтырбаган Кудайды даңазалоодон келип чыккан бир күч бар. Дал ушул күч бизге иш жүзүндө сүйүүгө дем берет.

«Келечектеги ырайым» аттуу китептен алынган насаат сɵз, 257-259-беттер.