28-июнь: Баш ийүү кыйын болсо да чыдаңыз

Jakshy Kabar Media

28-июнь: Баш ийүү кыйын болсо да чыдаңыз

28-июнь
Баш ийүү кыйын болсо да чыдаңыз
Жон Пайперден насаат сөз

«Ишенимибиздин баштоочусу жана бүтүрүүчүсү болгон Ыйсаны карайлы. Ал алдыда күтүп турган кубанычтын ордуна, айкаш жыгачка керилип, азапка чыдады».

Эврейлер 12:2

Ишеним жасап жаткан иштерди кээде сөз менен жеткирүү абдан кыйын.

Эрнест Гордон «Квай дарыясындагы керемет» аттуу китебинде Экинчи Дүйнөлүк Согуш мезгилинде Бирма Темир жолунда иштеген бир топ аскер туткундарынын чыныгы окуясын баяндайт.

«Ар бир күндүн аягында жумушчулардан шаймандар чогултулуп алынчу. Бир жолу жапон күзөтчүсү бир күрөк жетишпей жатат деп кыйкырып, аны ким алганын билүүнү талап кылды. Ал катуу ачууланып кыйкырына баштады, анан кыжырын кайнатып, күнɵɵлүү болгондорду бир кадам алдыга чыгуусун буйруду. Эч ким чыккан жок. Мылтыгын октоп туткундарды кɵздɵй мээлеп «Баарыңар ɵлɵсүңɵр! Баарыңар ɵлɵсүңɵр!» – деп кыйкырды. Ошол маалда бир адам алдыга чыкты, күзөтчү аны мылтыгы менен ɵлгɵнгɵ чейин сабады, ал болсо баарынын кɵзүнчɵ унчукпай туруп берди. Алар лагерге кайтып барышканда, шаймандар кайрадан эсептелип, күрɵктɵрдүн баары ордунда экени билинди.»

Эгерде күнөөсүз болсоңуз дагы, башкалар үчүн өлүүгɵ сизге эмне түрткү бермек? Ыйса бизге болгон сүйүүсүнүн негизинде «алдыда күтүп турган кубаныч» аркылуу баарына чыдады. Ал келечектеги даңктуу баталарга жана кубанычка ишенген жана бул нерселер Ага кыйынчылык азаптардан сүйүү менен жеңип ɵткɵнгɵ жардам берди.

Эгерде биз алдыда боло турган кубанычка караганда чыныгы, баалуу баш ийүүдɵн баш тартып, башка ниеттер менен шыктанып, башка жолдор менен деле бекемделишибиз керек деп ойлосок катуу жаңылышабыз. Лука 14:14-аятта Ыйса бул жашоодо курмандыктарды талап кылган баалуу баш ийүүгɵ чакырганда мындай деген: «Алар сага кайтарып бере алышпагандыгы үчүн бактылуу болосуң. Анткени сенин тиешең адил адамдар тирилгенде берилет». Башкача айтканда, азыр Машаяк үчүн жоготкон нерселериңиз сизди бекемдесин, анткени алдыда кубаныч күтүп турат.

Петирдин айтымында, Ыйса азап чексе да душмандарынан ɵч алган эмес. Ыйса алдыда күтүп турган кубанычка ишенгендиктен, биз дагы ошондой кылышыбыз үчүн муну бизге үлгү катары калтырган. Ал Өз ишин Кудайга тапшырган жана өч алуу менен эсептешүүгө аракет кылган эмес (1 Петир 2:21). Ал кайра тирилүүгө, Атасы менен кайрадан жолугуунун бардык кубанычтарына жана Өз элинин куткарылышына болгон үмүткɵ таянган. Биз дагы ошондой кылышыбыз керек.

«Келечектеги ырайым» китебинен үзүндү, 256-бет.