27-июнь: Алсыздар үчүн баш панаа

Jakshy Kabar Media

27-июнь: Алсыздар үчүн баш панаа

27-июнь
Алсыздар үчүн баш панаа
Жон Пайперден насаат сөз

«Сенде Ɵзүңɵ таянгандар үчүн даярдап койгон жакшы нерселер кɵп».

Забур 30:20

Келечектеги ырайымды Кудайдын мээриминен шек санап, таянычыбызды башка жерден издегенде эмес, Кудайга таянганда гана сезе алабыз. Кудайга таянгандар үчүн келечектеги ырайымдын убадалары мол.

Ага таянгандардын бири да ɵлбɵйт (Забур 33:23).

Ал Ɵзүнɵ таянгандардын баарына калкан (2 Шемуел 22:31).

Ага таянгандардын баары бактылуу (Забур 2:12).

Теңир ырайымдуу, кайгы күнү Ал – баш паана, Ал Ɵзүнɵ таянгандарды билет (Накум 1:7).

Кудайга таянуу бул ɵз күчүбүз менен бир нерсеге жетишүү эмес. Кудайга таянуу бул ɵзүбүздүн алсыз жана коргоого муктаж экенибизди кɵрсɵтүү. Мунун баары жардамга жана таянычка муктаж экенибизди моюнга алып, Кудайдан баш паана издеп жатканыбызды билдирет. Мен жогоруда айтып өткөн ушул убадалардын бардыгында, Кудайдан улуу батаны алуунун шарты бул – Ага таянуу.

Бул шарт биздин эмне жасай аларыбыздан кɵз каранды эмес. Бул ɵзүбүздүн үмүтсүз, алсыз жана муктаж экенибизди мойнубузга алып, Кудайга ишенүүнүн шарты. Көңүлүбүз чөгүп, үмүтсүздүккɵ кабылганда эч нерсе талап кылбайбыз жана ɵзүбүздү бир нерсеге татыктуу деп эсептебейбиз. Мына ушул учурда Кудайдан ырайым сурап, Анын мээримине кайрылабыз.

«Келечектеги ырайым» китебинен үзүндү, 246-бет.