26-июнь: Бизди Кудайга жакындаткан коркуу сезими

Jakshy Kabar Media

26-июнь: Бизди Кудайга жакындаткан коркуу сезими

26-июнь
Бизди Кудайга жакындаткан коркуу сезими
Жон Пайперден насаат сөз

«Коркпогула, Кудай силерди сыноо үчүн, Андан коркушуңар үчүн, күнөөгө батпашыңар үчүн келди».

Чыгуу 20:20

Адамды дүрбөлөңгө түшүргөн жана Кудайдан алыстаткан коркуу сезими бар. Ошондой эле жагымдуу жана бизди Кудайга жакындаткан коркуу сезими бар. Муса бир эле аятта, Чыгуу китеби 20:20-аятта биринчисине каршы эскертүү берсе, экинчисине ээ болууга үндөйт: «Коркпогула, Кудай силерди сыноо үчүн, Андан коркушуңар үчүн, күнөөгө батпашыңар үчүн келди».

Мен мындай жакшы коркуу сезими кандай экенин бир жолу уулум немис койчумандын итинин көздөрүнө тиктеп туруп калганда эң жакшы түшүнгөм. Жети жашар уулум Карстен менен чогуу жамаатыбыздагы бир үй-бүлөнү көргөнү барган элек. Анан ошол үйдүн чоң ити менин жети жашар уулум менен тиктешип туруп калды.

Бирок ал ит каппагандыктан, Карстен аны менен оңой эле достошуп алды. Бирок кийинчерээк Карстенди унаабыздын ичинде унутуп калган бир нерсени алып келүүгө жөнөткөнүмдө, ал чуркап жөнөдү. Ошондо тигил ит да анын аркасынан ырылдап чуркап жөнөдү. Аны уккан Карстен катуу коркуп кетти. Бирок үйдүн ээси: «Карстен, чуркабай эле, акырын бас. Итибиз коркуп качкан адамдарды жаман көрөт», – деди.

Карстен итти кучактаса, ал эркелеп, атүгүл анын бетин да жалап жиберип жатты. Бирок уулум андан качса, ал ырылдап, уулумду коркутуп жиберип жатты.

Теңирден коркуу деген ушул сыяктуу. Кудай Өзүнүн кудурети жана ыйыктыгы менен бизди коркутуп, Өзүнөн качыргысы келбейт, тескерисинче Өзүнө жакындаткысы келет. Кудайдан коркуу деген, биринчи кезекте, жеткилең коопсуздукту жана канааттанууну берген Андан баш тартуудан коркууну билдирет.

Муну башкача кылып айта турган болсок, биз ишенбестиктен коркушубуз керек. Кудайдын айкөлдүгүнө (жакшылыгына) ишене албагандан коркушубуз керек. Римдиктер 11:20-аятта дал ушундай ой айтылат эмеспи?: «Сен болсо ишеним менен бекем турасың. Бирок текеберденип кетпе, андан көрө корк!» Мындайча айтканда, биз ишенгенден эмес, ишенбей коюудан коркушубуз керек. Кудайдан качкандан корколу. Аны менен чогуу басып, Аны бекем кучактасак, Ал түбөлүккө биздин досубуз жана коргоочубуз болот.

«Келечектеги ырайым» китебинен алынды (242-бет).