25-июнь: Ач көздүктүн өлүмгө дуушар кылган тузагы

Jakshy Kabar Media

25-июнь: Ач көздүктүн өлүмгө дуушар кылган тузагы

25-июнь
Ач көздүктүн өлүмгө дуушар кылган тузагы
Жон Пайперден насаат сөз

«Ал эми баюуну каалагандар азгырылып, торго түшүшөт; кырсыкка жана өлүмгө дуушар кыла турган, көптөгөн акылсыз, зыяндуу кумарларга батышат».

1 Тиметей 6:9

Ач көздүк адамдын жанын кыйратып, түбөлүккө тозоко кетириши мүмкүн.

Кеп адамды жөн эле акча-каражат жагынан убактылуу сызга отургузган кыйроо жөнүндө эмес, түбөлүктүү тозокко кетирген кыйроо жөнүндө болуп жатканына менин бекем ишенишимдин себеби Пабылдын 1 Тиметей 6:12-аятта айткан сөздөрүндө. Ал ач көздүккө каршы ишеним менен күрөшүү керектигин айтат. Андан соң ал: «Түбөлүк өмүрдү бек тут, анткени сен ошого чакырылгансың жана көп күбөлөрдүн алдында жакшы ырастоону ачык күбөлөндүргөнсүң», – дейт. Ач көздүктөн мынчалык алыс болушубуз жана келечектеги ырайымга болгон ишенимибиз аркылуу колубузда болгон нерсеге ыраазы болгонду үйрөнүшүбүз керектигинин себеби түбөлүк өмүргө ээ болушубуз же ээ болбой калышыбыз ушундан көз каранды болгондугунда.  

Демек, Пабыл 1 Теметей 6:9-аятта байлыкка кызыгуу адамды кыйроого учуратарын айтканда, кеп жөн эле ачкөздүктүн никебизди же кылып жаткан соодабызды бүлгүнгө учуратары жөнүндө болуп жаткан жок (бирок албетте ушундай да болот!). Кеп ачкөздүктүн айынан түбөлүккө кыйроо жөнүндө болуп жатат. 1 Тиметей 6:10-аятта айтылгандай, «акчага кызыгып, кээ бирөөлөр ишенимден четтеп, өздөрүн өздөрү көптөгөн азап-кайгыга салышат».  

Кудай өз ырайымы менен Ыйык Китепте ачкөздүктүн аягы эч качан жакшылык менен бүтпөөрүн эринбестен кайра-кайра эскертет. Ач көздүк акыры адамды жарга алып барып такайт. Ал – адамдын жанына каршы амалкөйлүк менен коюлган жана өлүмгө дуушар кылган тузак.  

Ошондуктан, менин сага айта турган сөзүм – бул 1 Тиметей 6:11: «Ушунун бардыгынан кач». Сыналгыдагы жарнаманы көргөнүңдө болобу, жаңы жылда арзандатылган буюм сунуш кылынганда болобу, интернет баракчада кайдан-жайдан жарнак чыга калганда болобу же кошунаң кымбат баалуу бир нерсе сатып алганда болобу, ач көздүк азгырганын сезгениңде, зоопарктан ачка калып качып чыгып кеткен жана айкырып жем издеген арстандан качкандай кач. «Түбөлүк өмүрдү бек тут».

«Келечектеги ырайым» китебинен алынды (226-бет).