24-июнь: Мен болгонуна ыраазымын

Jakshy Kabar Media

24-июнь: Мен болгонуна ыраазымын

24-июнь
Мен болгонуна ыраазымын
Жон Пайперден насаат сөз

«Кандай гана кырдаал болбосун, мен болгонуна ыраазы болууга үйрөнгөм: жокчулукта да, молчулукта да жашай алам. Мен бардыгына үйрөнгөм: ачкачылыкка да, токчулукка да, барга да, жокко да көнгөм. Мага күч-кубат берген Ыйса Машаяк аркылуу бардыгын кыла алам».

Филипиликтер 4:11—13

Кудайдын Өз ырайымы менен күнүмдүк кам көрүүсү Пабылга ачкачылыкта, токчулукта, молчулукта, жокчулукта, же муктаж болгондо туруштук берүүгө мүмкүндүк берет.

«Мен бардыгын кыла алам» деген чындыгында жөн эле айтылган сөздү эмес, «Машаяк аркылуу мен ачкачылыкка да, кыйынчылыкка да туруштук бере алам» дегенди билдирет. Кудайдын бул таң каларлык убадасы Филипиликтер 4:19-аятта да айтылган: «Менин Кудайым силердин бардык кем-карчыңарды Ыйса Машаяк аркылуу Өзүнүн даңктуу байлыгы менен толуктайт».

Филипиликтер 4:11-12-аяттардын көз карашы менен алганда «бардык муктаждыктарыңар» деген эмнени билдирет? Бул «Кудайдын даңкын чыгарган муктаждыктар» деген маанини билдирет. Аларга ачкачылык жана башка бардык муктаждыктар кирет. Пабылдын Филипиликтерге болгон сүйүүсү анын Кудайдын Өзү менен бактылуу болгондугунан жана Кудайдын келечектеги ырайымына болгон ишениминен келип чыккан.

Ачкөздүктүн ишенимге карама-каршы экендиги айдан ачык. Эгерде жүрөктөгү каалоолорубузду канааттандырууну башка нерселерден издеп жатсак, анда биз Машаяктагы ырахатты жоготобуз, анткени ал канааттанууну Кудай гана толтурат, ал бакытты Кудай гана берет.

Бардык учурда бардык муктаждыгыбызды Кудай толуктайт деген Анын убадасына ишенбестикке каршы күрөшүү – бул ачкөздүккө каршы күрөшүү дегенди билдирет жана мунун эч кандай катачылыгы жок.

Бул Эврейлер 13:5-аятта ачык көрүнүп турат. Акчаны сүйүүдөн, ачкөздүктөн бошонуу жана Кудай менен ырахаттануу жөнүндө мындай деп айтылат: «Дүнүйөкор болбогула, колуңарда болгонуна ыраазы болгула. Анткени Кудай Өзү: “Сени калтырбайм жана таштабайм”, – деп айткан». Бул  чындык Кудайга жакпаган бардык каалоолорду, ачкөздүктүн күчүн бүлдүрөт.

Жүрөгүбүздө ачкөздүктүн бир аз көбөйгөнүн сезген сайын, ишенимдин куралдары менен куралданып, бүт күчүбүз менен күрөшүшүбүз керек.

«Келечектеги ырайым» китебинен үзүндү, 224-бет.