23-июнь: Кудайга ишенген жана таянган адам Ага урмат көрсөтөт

Jakshy Kabar Media

23-июнь: Кудайга ишенген жана таянган адам Ага урмат көрсөтөт

23-июнь
Кудайга ишенген жана таянган адам Ага урмат көрсөтөт
Жон Пайперден насаат сөз

«Ишенбестик кылып Кудайдын убадасынан шектенген эмес, тескерисинче, бекем ишенип, Кудайды даңктаган».

Римдиктер 4:20

О, мен башкаларды сүйүүгө жана ыйык болууга умтулуубуз аркылуу Кудайдын даңкы чыгышын  канчалык эңсейм. Бирок биздин умтулуубуз Кудайдын убадаларына ишенүү менен коштолбосо, анда Ал даңкталбайт.  

Кудай Өзүн Ыйса Машаяк аркылуу толук ачып берген. Машаяк биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлүмгө кыйылган жана акталышыбыз үчүн тирилген (Римдиктер 4:25). Биз кубаныч менен Анын убадаларына бекем таянганыбызда, Ал даңкталат, анткени ал убадалар Анын Уулунун каны менен сатылып алынган.

Биз алсыздыгыбыз жана кемчиликтерибиз үчүн моюн сунуп, Анын келечектеги ырайымына ишенгенибизде, Кудай урматталат. Римдиктер 4:20-аятта Пабыл Ыбрайымдын ишенимин сүрөттөйт: «Ишенбестик кылып Кудайдын убадасынан шектенген эмес, тескерисинче, бекем ишенип, Кудайды даңктаган».

Ал ишенимин бекемдеп, Кудайды даңктады. Кудайдын убадаларына ишенүү аны акылдуу, күчтүү, жакшы жана ишенимдүү адам катары даңазалады. Демек, Кудайдын келечектеги ырайымынын убадаларына ишенип жашоону үйрөнбөсөк, анда биз Кудайдын даңкы үчүн эмес, жөн гана диний милдеттерди аткарып жашап жаткан болобуз.

Кудайдын келечектеги ырайымына ишеним аркылуу ыйыкталуу күчүнө ээ болгондо, Ал даңкталат.

Мартин Лютер мындай деген: «Кудайга ишенген жана таянган адам Ага урмат көрсөтөт. Анткени Аны ишенимге татыктуу деп эсептейт». Ошентип, Берүүчү Кудай даңкка ээ болот.

Биз Кудайдын даңкы үчүн жашоону үйрөнүшүбүздү мен абдан каалайм. Бул келечектеги ырайымга болгон ишеним менен жашоону жана ишенбестик менен болгон күрөшүүнүн бардык аракетин билдирет.

«Келечектеги ырайым» китебинен үзүндү, 220-221-беттер.