22-июнь: Ыйыктык үчүн кантип күрɵшүү керек

Jakshy Kabar Media

22-июнь: Ыйыктык үчүн кантип күрɵшүү керек

22-июнь
Ыйыктык үчүн кантип күрɵшүү керек
Жон Пайперден насаат сөз

«Бардык адамдар менен тынчтыкта болууга жана ыйык болууга умтулгула, ыйык болмоюнча, эч ким Теңирди көрбөйт».

Эврейлер 12:14

Ыйыктык болбосо биз Теңирди кɵрɵ албайбыз. Көпчүлүк адамдар бул чындыкка ылайык жашашпайт.

Матай 7:23-аятта Ыйсанын: «Мен силерди эч качан таанычу эмесмин. Менин жанымдан кеткиле, мыйзамсыз иш кылуучулар» деген коркунучтуу сɵздɵрүн уга турчу ыйык жашабаган, бирок ɵзүн машаякчы деп атаган адамдар бар. Пабыл ɵзүн машаякчы деп атаган адамдарга мындай дейт: «Күнөөкөр табиятыңардын каалоосу боюнча жашасаңар, анда өлөсүңөр» (Римдиктер 8:13).

Ошентип, ыйыктык болбосо Теңирди эч ким көрө албайт, ошондуктан келечектеги ырайымга ишенүү менен ыйыктык үчүн күрөшүүнү үйрөнүү өтө маанилүү.

Жагымсыз кесепеттер жана өлүм аркылуу дагы ыйыктыкка жетүүнүн жолу бар. Пабыл бизге Кудайдын ырайымына гана ишенүү менен кызмат кылышыбызды эскертет. «Кудай бир нерсеге муктаждыгы бардай болуп, адамдардын колунун кызматын талап кылбайт, анткени бардыгына өмүр, дем жана керектүү нерсенин бардыгын берген – Ал Өзү» (Элчилердин иштери 17:25). Кудайга кызмат кылуу үчүн жасалган кандай аракет болбосун, эгер кызматыбыздын натыйжасында алган сыйлыгыбыз жана ал кызматты жасоого мүмкүнчүлүк берген күч-кубатыбыз Кудайдан көз каранды болбосо, анда бул бутпарастардын байкуш кудайындай кылып Анын атын булгайт.

Петир Кудайга ушундай көз карандысыз кызматтын башка жолун мындайча түшүндүрɵт: «Ким кызмат кылса, Кудай берген күчүнө жараша кызмат кылсын. Ошентип, Кудай бардык нерседе Ыйса Машаяк аркылуу даңкталсын» (1 Петир 4:11). Ал эми Пабыл болсо: «Анткени Машаяктын мен аркылуу аткаргандарынан башка нерсени айтууга батына албайм» – дейт (Римдиктер 15:18; 1 Корунттуктар 15:10-аятты да карап кɵрүңүз).

Кудай биз үчүн дайындаган «бардык жакшы иштерди» аткарууга мүмкүнчүлүк берген учурда, ырайым келет. «Ар дайым бардык нерсеңер жетиштүү болуп, жакшы иштерге бай болушуңар үчүн, силерди ар кандай жакшы нерселерге байытууга Кудайдын кудурети жетет» (2 Корунттуктар 9:8).

Жакшы иштер үчүн күрөшүү – бул келечектеги ырайымдын убадаларына ишенүү үчүн күрөшүү.

«Келечектеги ырайым» китебинен үзүндү, 219-бет.