21-июнь: Күнɵɵнү жеңүүгө күч берген бакыт

Jakshy Kabar Media

21-июнь: Күнɵɵнү жеңүүгө күч берген бакыт

21-июнь
Күнɵɵнү жеңүүгө күч берген бакыт
Жон Пайперден насаат сөз

«Ыйса аларга мындай деди: “Мен өмүр берүүчү нанмын. Мага келген адам ачка болбойт, Мага ишенген адам эч качан суусабайт”».

Жакан 6:35

Биз бул жерден ишенимдин маңызы – бул Машаяк аркылуу Кудайдын Ɵзү менен бактылуу болуу экендигин кɵрɵ алабыз.

Ишенимди ушул жол менен аныктоодо эки нерсени баса белгилей кетсек болот. Биринчиси – бул Кудай биздин ишенимибиздин борборунда экендиги. Бизди Кудайдын убадалары гана чындап бактылуу кыла албайт. Бир гана Кудай Ɵзү, Ыйса аркылуу бизди чындап бактылуу кылат. Биз үчүн Кудайдын убада кылган белектери эмес, Машаяктын Ɵзү баалуу.

Ишеним келечекте бизге бериле турган баталардан эмес, Кудай Ɵзү асманда биз менен бирге болоорунан үмүттɵнɵт. Анан мен асмандан мындай деген катуу үндү уктум: «Мына, Кудайдын жыйын чатыры адамдар менен бирге. Кудай алар менен жашайт, алар Анын эли болушат. Кудай Өзү алар менен болуп, алардын Кудайы болот» (Аян 21:3).

Ал тургай азыркы жашоодо жана келечекте дагы эң баалуу нерсе (биз үчүн өтө кымбат болсо дагы) бул биздин күнөөлөрүбүздүн кечирилиши эмес, жүрөгүбүздө тирүү Машаяктын бар экендиги жана Кудайдын толуктугу. Эфестиктер 3:17-19-аяттарда Пабыл: «Ишеим аркылуу Машаяк силердин жүрөгүңөрдөн орун алсын…. Кудайдын толуктугуна толгула» – деп сыйынат.

Машаяк аркылуу Кудайдын Ɵзү менен бактылуу болуу менен ишенимди аныктоодогу дагы бир белгилеп кетчү нерсе бул «бактылуу болуу» деген сɵз. Ишеним – бул Кудайдын булагы менен рухтун чаңкоосун кандыруу. Жакан 6:35-аятта «ишенүү» деген Ыйсанын алдына «ɵмүр берүүчү нанды» жегени жана «тирүү суу» (Жакан 4:10, 14) ичкени «келүү» дегенди билдирет. Ыйсанын Ɵзү «ɵмүр берүүчү нан» жана «тирүү суу».

Биз сезип жаткан күнөөкөр каалоолорду жеңүү үчүн берилген ишенимдин күчү дал ушунда. Эгер жүрɵгүбүз Кудайдын Ɵзү менен Машаяк аркылуу бактылуу болсо, анда бул бизге башка нерселерден бакыт тапканга аракет кылган азгырыктарга каршы турууга мүмкүнчүлүк берет.

Кудайдагы жыргалчылык насаат сɵзүнɵн үзүндү, 235-236-беттер.