20-июнь: Ырайым – бул күнөөнү кечирген жана күч берген нерсе!

Jakshy Kabar Media

20-июнь: Ырайым – бул күнөөнү кечирген жана күч берген нерсе!

20-июнь
Ырайым – бул күнөөнү кечирген жана күч берген нерсе!
Жон Пайперден насаат сөз

«Бирок Кудайдын ырайымы менен азыр ким болсом, ошолмун. Анын мага кылган ырайымы текке кеткен жок, мен баарынан көп кызмат кылдым. Дегинкиси, мен эмес, Кудайдын мендеги ырайымы кызмат кылды».

1 Корунттуктар 15:10

Ырайым – бул жөн эле биз күнөө кетиргенде Кудайдын бизди кечирип коюусу эмес. Ырайым – бул Кудайдын бизди күнөө кылбаганга жөндөмдүү кылган түгөнгүс белеги жана күчү. Кудайдын ырайымы жөн эле күнөөбүздү кечирип койбой, күч да берет.

Мисалы, 1 Корунттуктар 15:10-аяттан муну даана байкасак болот. Пабыл ырайымды өзүн кызматка жөндөмдүү кылган күч катары сүрөттөйт. Ырайым жөн эле анын күнөөлөрүн кечирип койгон эмес, ага тил алчаак болууну улантууга күч берген. «Анын мага кылган ырайымы текке кеткен жок, мен баарынан көп кызмат кылдым. Дегинкиси, мен эмес, Кудайдын мендеги ырайымы кызмат кылды».

Ошондуктан биз Кудайдын тилин алууга күч жумшаганыбызда, өзүбүздүн күчүбүздү жумшабайбыз, «Кудайдын берген күчүнө жараша» тил алчаак болобуз. Кудай бардык нерседе Ыйса Машаяк аркылуу даңкталышы үчүн ушундай кылабыз (1 Петир 4:11). Биздин ишенимибиз бизди тил алчаак кылат. Бул ишеним – Кудай бизди туура жүрүм-турумга ээ болгонго жөндөмдүү кылуу үчүн, ар бир саамда бизге Өзүнүн мол ырайымы менен күч берип турарына болгон ишеним.

Муну Пабыл 2 Тесалоникалыктар 1:11-12-аяттарда ырастайт жана биздин ар бир жакшы ишибизди «ишенимден улам кыла турган иштер» деп атайт. Ошондой эле, ал «Кудайыбыздын… ырайымына ылайык» кылган мындай иштерибиз Ыйса Машаякты даңктаарын айтат, себеби Кудай бизди мындай иштерди кылганга «Өзүнүн күчү» менен жөндөмдүү кылат. Төмөнкү сөздөргө кулак төшөңүз:

Ошондуктан биз Кудайыбыздын жана Теңирибиз Ыйса Машаяктын ырайымына ылайык Теңирибиз Ыйса Машаяктын ысымы силер аркылуу даңкталышы үчүн жана силер Ал аркылуу даңкталышыңар үчүн, Кудайыбыз силерди Өзүнүн чакырыгына татыктуу кылсын деп, жакшы иштерди кылууга болгон ниетиңерди ишке ашырсын деп, ишенимден улам кыла турган иштериңерди Өзүнүн күчү менен аягына чыгарсын деп, силер үчүн дайыма сыйынабыз.

Кудайга кубаныч тартуулаган биздин тил алчаактыгыбыз Кудайдын ырайымы менен ишеним аркылуу берген күчтөн келип чыгат. Ушул эле күч машаякчынын жашоосунун ар бир баскычында иштеп турат. Кудай Өз ырайымынын күчү менен бизди ишеним аркылуу кандай куткарган болсо (Эфестиктер 2 :8), ошол эле ырайымынын күчү менен ишеним аркылуу ыйыктайт.

«Кудайга кубаныч тартуулаган нерселер» китебинен алынды (233-бет).