19-июнь: Адамдардан коркуу – Кудайга каршы кылмыш

Jakshy Kabar Media

19-июнь: Адамдардан коркуу – Кудайга каршы кылмыш

19-июнь
Адамдардан коркуу – Кудайга каршы кылмыш
Жон Пайперден насаат сөз

«Шабул Шемуелге: “Мен күнөө кылдым, анткени Теңирдин буйругун да, сенин сөзүңдү да аткарган жокмун, элден коркуп, алардын айтканын кылдым”, – деди».

1 Шемуел 15:24

Эмне үчүн Шабул Кудайдын айтканын кылбай, элдин айтканын кылды? Себеби ал Кудайдан эмес, элден коркту. Ал Кудайдын тилин албай коюунун кесепетине караганда, Кудайдын тилин алуунун натыйжасында эл мени эмне кылып коёт деп элден көбүрөөк коркту. Ал Кудайдын нааразылыгына караганда, элдин наарызылыгынан көбүрөөк коркту. Ал эми мындай нерсе Кудайга катуу акарат кылуу болуп саналат.

Керек болсо, Ышайа адамдардын мамилесинен корккондуктан, Кудайдын убадасын барк албай коюу текебердик экенин айтат. Ал Кудайдын мындай дегенин айтат: «Мен, Мен Өзүм силердин Сооротуучуңар болом. Өлө турган адамдан, чөптөн айырмасы жок адам баласынан корккон сен кимсиң? Асманды жайган, жерди негиздеген өзүңдүн Теңириңди, Жаратканыңды сен эсиңден чыгарып жатасың» (Ышайа 51:12-13).  

Адамдардан коркуу текебердиктей сезилбеши мүмкүн, бирок Кудай ошондой дейт: «Адамдардан корккондуктан, өз жаратуучуң болгон Мени унутуп койгон сен кимсиң?»

Кептин төркүнү мындай: Эгерде биз адамдардан корксок, анда Кудайдын жана Анын Уулу Ыйсанын ыйыктыгын четке кагып, Аларды барктабай калган болобуз. Кудайдын кудуретин адамдын күчүнө салыштыруу такыр мүмкүн эмес. Адамга салыштырмалуу, Анын акылмандыгы чексиз жана бизге бере турган сыйлык менен кубанычы да чексиз.

«Адамдар эмне деп ойлойт, эл эмне дейт?» деп коркуп, Аны четке каксак, Ал Өзүнөн корккондорго убада кылган нерселерден кечкен болобуз. Бул Ага катуу акарат кылууга жатат. Мындай акарат кылуу Кудайга такыр жакпайт.

Тескерисинче, биз Кудайдын убадаларын угуп, эр жүрөктүк менен Ага таянып, өзүбүздүн ишенбестигибиз менен Аны шылдыңдагандан корксок, анда Ага чоң урмат-сый көрсөткөн болобуз. Ошондо Ага чоң кубаныч тартуулайбыз.

«Кудайга кубаныч тартуулаган нерселер» китебинен алынды (224-226-б).