18-июнь: Ишенбегендер үчүн кантип сыйынуу керек

Jakshy Kabar Media

18-июнь: Ишенбегендер үчүн кантип сыйынуу керек

18-июнь
Ишенбегендер үчүн кантип сыйынуу керек
Жон Пайперден насаат сөз

«Бир туугандарым, менин чын жүрөгүмдөн каалаганым жана Кудайдан сыйынып суранарым – Ысрайыл элинин куткарылышы».

Римдиктер 10:1

Пабыл Кудайга Ысрайыл элинин өзгөрүшү үчүн, алардын куткарылышы үчүн сыйынган. Ал натыйжасыз нерсе үчүн эмес, тескерисинче натыйжа бере тургандай кылып сыйынган. Демек, биз дагы ошондой сыйынышыбыз керек.

Биз Кудайдын Жаңы Келишимде берген убадаларын кабыл алып, аларды балдарыбызга, кошуналарыбызга жана бул дүйнөнүн бардык булуң бурчуна жеткирүү үчүн Кудайга сыйынышыбыз керек.

Оо Кудай, алардын денесинен таш жүрөгүн алып, аларга эт жүрөк бер (Жезекиел 11:19).

Алардын жүрөгүн жан-дили менен сүйө тургандай кылып өзгөрт (Мыйзамды кайталоо 30:6).

Ата, алардын ичине Өз Рухуңду сал, аларды Сенин мыйзамдарыңды аткаргыдай кыл (Жезекиел 36:27).

 Чындыкты таанып билиши үчүн, Кудай аларды тобо кылдыра көр, аларды өзүнүн эркине баш ийдирүү үчүн туткундап алган шайтандын торунан бошот (2 Тиметей 2:25–26).

Алар Жакшы Кабарга ишениши үчүн, алардын жүрөгүн ач (Элчилердин иштери 16:14).

Кудайдын эбегейсиз күчүнө жана Анын күнөөкөрлөрдү тандап, андан кийин ишенимге жана куткарылууга алып келерине ишенсек, анда биз Ыйык Жазуудагы жоголгондорду куткаруу тууралуу улуу убадаларга ишенүү менен сыйынабыз. Анткени Кудайга ушундай сыйынуу жагат. Бул болсо Кудайдын тандоо жана куткаруу укугу, бийлиги бар Кудай экендигин билдирет.

«Кудайдагы ырахат» аттуу насаат сөздөн үзүндү, 208–209 беттер.