17-июнь: Кудайга кандай сыйынуу жагат?

Jakshy Kabar Media

17-июнь: Кудайга кандай сыйынуу жагат?

17-июнь
Кудайга кандай сыйынуу жагат?
Жон Пайперден насаат сөз

«Бирок Мен мындай адамга: моюн сунган, руху менен кайгырган, Менин сөзүмдүн алдында титиреп турган адамга көз кырымды салам».

Ышайа 66:2

Адил адамдын алгачкы белгиси – ал адам Теңирдин Сөзүнүн алдында титиреп турат. Ышайа 66-бөлүмдө Кудайга жаккан жол менен, ал эми кээ бирлери Кудайга жакпаган жол менен сыйынгандардын көйгөйү тууралуу айтылат.

3-аятта курмандыктарды алып келген кудайсыз адамдар жөнүндө айтылган: «өгүздү сойгон адам киши өлтүргөн адамга барабар». Алардын курмандыктары Кудай үчүн жийиркеничтүү, киши өлтүрүү менен барабар болгон. Эмне үчүн мындай болгон?

4-аятта Кудай муну мындай деп түшүндүрөт: «Мен чакырганда, эч ким жооп берген жок, Мен сүйлөгөндө, алар укпай коюшкан». Алардын курмандыктары Кудай үчүн жийиркеничтүү болгон, анткени алар Кудайдын үнүн угушкан эмес. Ал эми, Кудай уга турган сыйынуулар жөнүндө эмне айтууга болот? 2-аятта Кудай мындай дейт: «Мага моюн сунган, руху менен кайгырган, Менин сөзүмдүн алдында титиреп турган адамга көз кырымды салам».

Мен мындан мындай жыйынтыкка келдим: демек, адил адамдардын адилдигинин алгачкы белгиси, алардын сыйынуулары Кудайга жагымдуу. Бул адамдарга Кудай көз кырын салат.

Ошентип, Кудайды кубандырган чынчыл адамдын сыйынуусу чын жүрөктөн чыгат. Ал Кудайдын сөзүн укканда, титиреп турат. Анткени өзүн Кудайдай жеткилең эмес экенин билет. Ошондой эле, ал Анын сотунан коркот, өзүн алсыз сезет жана кетирген каталары үчүн өкүнүп, кечирим сурайт. Забур 50:19-аятта Дөөт мындай дейт: «Чын жүрөктөн өкүнүү – Кудай алдында курмандык. Сен өкүнүп, моюн сунган жүрөктү жек көрбөйсүң». Сыйынууну жагымдуу кылган эң алгачкы нерсе бул – сыйынган адамдын чын жүрөктөн өкүнүп, моюн сунуусу. Алар Кудайдын сөзүнүн алдында титиреп турушат.

«Кудайдагы ырахат» аттуу насаат сөзүнөн үзүндү, 201–202 беттер.