16-июнь: Кудайга чаңкоо менен кызмат кылыңыз

Jakshy Kabar Media

16-июнь: Кудайга чаңкоо менен кызмат кылыңыз

16-июнь
Кудайга чаңкоо менен кызмат кылыңыз
Жон Пайперден насаат сөз

«Денебизде жашап жатсак да, денебизден чыгып кете турган болсок да, Теңирге жагууга аракеттенип жатабыз».

2 Корунттуктар 5:9

Эгер бүт жашооңузду Кудайга арнап жана Ага жакканга аракет кылып жатсаңыз (фарисейлер сыяктуу), бирок Кудай алдында жасап жаткан иштериңиз жийиркеничтүү болуп кɵрүнгɵнүн билгениңизде эмне кыласыз (Лука 16:14-15)?

Кимдир бирөө буга ишенбей: «Андай болушу мүмкүн эмес деп ойлойм; Кудай ага жакканга аракет кылган адамды четке какпайт» – деп айтышы мүмкүн. Бирок сиз бул адамдын эмне деп айтканын уктуңузбу? Ал өзүнүн көзкарашын Кудайга жага турган нерсе аркылуу Кудайдын кандай экендигин кɵрсɵткɵн ойго негиздеген. Дал ушул себептен биз Кудайдын Ыйык Жазууда ачылган мүнөзүнө кайрылышыбыз керек.

Кудай мал сугаруучу акыр эмес, Ал тоо булагы. Тоо булагы ɵзүн-ɵзү толуктап турат. Ал ар дайым ашып-ташып, башкаларды камсыз кылып турат. Бирок мал сугаруучу акырды насос же чака менен толтуруп туруу керек. Бул жерде чоң суроо туулат: Эгер Кудай тоо булагы болсо, анда Ага кандай кызмат кылар элеңиз? Ал эми мал сугаруучу акырга кандай мамиле кылып жатасыз? Кудай кандай болсо, Аны кантип ошондой даңктай аласыз?

Эгер сиз мал суугаруучу акырдын баалуулугун кɵрсɵткүңүз келсе, аны толтуруп, башкаларга пайдалуу кылуу үчүн көп аракет кылышыңыз керек. Бирок тоо булагынын баалуулугун даңазалоону кааласаңыз, анда тизеңизге жыгылып, колуңузду түшүрүп, чаңкооңуз канганга чейин ичип, сергип, күч-кубатка толгондон соң, өрөөнгө кайтып барып эмнени тапканыңызды элге айтсаңыз болот.

Мендей айласы кеткен күнɵɵкɵрдүн үмүтү жалгыз Ыйык Жазуудагы тɵмɵнкү чындыкка таянат: Мен Кудайга жакчу бир гана нерсемди сунуштай алам – ал ɵзүмдүн чаңкоом. Мына ошондуктан Кудайдын эгемендүү эркиндиги жана Ɵзүн-Өзү камсыз кыла алгандыгы мен үчүн ушунчалык баалуу. Кудай чака кɵтɵргɵн адамдардын тапкычтыгы менен эмес, тизе бүгүп ырайымдын чɵйчɵгүнɵн ичкен үмүтсүз күнɵɵкɵрлɵр менен кубанат. Менин үмүтүм ушул чындыкка негизделген.

Биз ар дайым, кандай абал болбосун Кудайга жагууга умтулушубуз керек. Бирок, эгер бүт өмүрүбүз бою Кудайга эмне жагаары жөнүндө туура эмес же жаңылыш кɵз крашка ээ болсок, анда бизге кайгы. Теңирибизди Аны кургап калган мал сугаруучу акыр катары караган адамдар эмес, түгɵнбɵс, чаңкоосун кандыруучу булак катары караган адамдар кубандырат. Забур 146:11-аятта айтылгандай: «Теңир Ɵзүнүн ырайымына үмүттөнгөндөргө ыраазы болот».

Кудайдагы жыргалчылык насаат сɵзүнɵн үзүндү, 196–197-беттер.