15-июнь: Эч качан бүтпɵгɵн ысыкчылык айы

Jakshy Kabar Media

15-июнь: Эч качан бүтпɵгɵн ысыкчылык айы

15-июнь
Эч качан бүтпɵгɵн ысыкчылык айы
Жон Пайперден насаат сөз

«Күйөө колуктусуна кубангандай, Кудайың сага кубанат».

Ышайа 62:5

Кудай Өз элине жакшылык кылганда, Ал жек көрүндү болгон кылмышкерге, же каалабастан боорукердик көрсөтүп жаткан сотторго окшош эмес. Ал ɵзүнүн колуктусуна сүйүүсүн кɵрсɵтүп жаткан күйɵɵдɵй.

Кээде нике жөнүндө тамашалап, “ысыкчылык айы бүттү” дейбиз. Биз муну сүйүүбүз чектелүү болгондуктан айтып жатабыз. Биз ысыкчылык айындагыдай жакындыкты жана сүйүүнү кɵпкɵ сактай албайбыз. Бирок Кудай Ɵз элине болгон кубанычы күйɵɵнүн колуктусуна болгон кубанычындай экенин айтат. Ал ушунтип башталып, андан соң акырындап жоголуп кетүүчү кубаныч жɵнүндɵ айтып жаткан жок.

Ал ысыкчылык айынын толуктугу, ырахаттары, энергиясы, толкундануулары, шыктандыруулары жана жыргалы жɵнүндɵ сɵз кылып жатат. Ал бизге чын жүрөктөн кубанып жаткандыгын айтканда, биздин жүрөгүбүздү толугу менен ээлɵɵгɵ аракет кылып жатканын айткысы келип жатат. Жеремия 32:42-аятта мындай деп жазылган: «Аларга ырайым кылганыма кубанам, аларды бул жерге чын жүрөгүм менен, жан-дилим менен бекем отургузам». Сепания 3:17-аятта: «Сенин Кудай-Теңириң сени менен: Анын сени куткарганга күчү жетет. Ал сен үчүн абдан кубанат, Өз сүйүүсү менен сага ырайым кылат, сен жөнүндө шаттанып салтанат курат» – деп айтылган. Кудай менен болгон ысыкчылык айы эч качан бүтпөйт. Ал чексиз күчкө, акылмандыкка жана чыгармачылыкка ээ, ошондуктан Кудай менен болгон мамилеңизде кийинки миңдеген жылдар, түгөнбөс кылымдар бою эч зерикпейсиз.

Кудайдагы жыргалчылык насаат сɵзүнɵн үзүндү, 176-бет.