14-июнь: Кудай бизди канчалык баталагысы келет?

Jakshy Kabar Media

14-июнь: Кудай бизди канчалык баталагысы келет?

14-июнь
Кудай бизди канчалык баталагысы келет?
Жон Пайперден насаат сөз

«Теңир сенин ата-бабаларыңа жакшылык кылып кубангандай, сага да жакшылык кылып, кайрадан кубанат».

Мыйзамды кайталоо 30:9

Кудай бизди баталаганда битирленип, сараңдык кылбайт. Ал берешен болгондуктан, бата берүүнү абдан эңсейт. Ал бизди качан келип, бата сурайт деп күтүп отурбайт. Ал Өзү бизди издеп табат, себеби бизге жакшылык кылуу Ал үчүн жыргал. Кудай бизди күтүп отурбайт, артыбыздан кубалайт. 22-забурдагы 6-аяттын сөзмө-сөз мааниси дал ушундай: «Береке менен ырайым мени өмүрүмдүн аягына чейин коштоп жүрсүн, ошондо мен Теңирдин үйүндө түбөлүк болом».

Кудай ырайым кылганды жакшы көрөт. Дагы бир жолу кайталап айтайын. Кудай ырайым кылганды жакшы көрөт. Ал адамдарга жакшылык кылсамбы же жокпу деп, чечим чыгара албай же чыгына албай отурбайт. Анын каары да оңою менен келбейт, бирок Анын ырайымын козгош абдан оңой. Ал Синай тоосуна түшүп келип, Мусага сүйлөгөндө дал ушундай маанидеги сөздөрдү айткан: «Теңир – пендесин сүйгөн, ырайымдуу, чыдамдуу, абдан боорукер, адилеттүү» (Чыгуу 34:6). Анын Жеремия 9:24төгү сөздөрүн да ушундай түшүнүшүбүз керек: «Бирок мактана турган адам Менин жер үстүндө ырайымдуулукту, акыйкаттыкты жана чындыкты жараткан Теңир экенимди түшүнгөнү менен, билгени менен мактансын. Анткени Мага ушул гана жагат, – дейт Теңир».

Кудай эч качан кыжырданбайт же орой мамиле кылбайт. Ачууга да эч качан алдырбайт. Тескерисинче, Анын жакшылык кылууга болгон эбегейсиз чоң каалоосу эч качан түгөнбөйт, себеби Ал ушундай иштерден кубаныч алат.

Бизге муну аягына чейин түшүнүү кыйын, себеби биз жан багуу үчүн күн сайын аракет кылышыбыз керек. Гүлдөп-өсүү үчүн канчалаган күчкө муктаж экенибизди айтпай эле коёлу. Биз кээде оң, кээде терс сезимдерге алдырып жиберебиз. Биз зеригебиз, бир күнү көңүлүбүз чөксө, бир күнү үмүткө толуп, сүйүнүп турабыз.

Биздин маанайыбыз жердин түбүнөн капысынан атылып чыгып, суусун аяк-быякка чачыраткан ысык булактардай. Ал эми Кудай Ниагара шаркыратмасындай: ар бир мүнөт сайын анын бийик жерден түшкөн 186000 тонна суусун көргөнүбүздө, өзүбүзчө «канчалаган жылдар бою ушунча көп суунун тынымсыз агып турушу мүмкүн эмес» деп ойлонобуз. Бирок бул чындык.

Кудайдын бизге жакшылык кылуу каалоосу да ушундай. Ал эч качан чарчабайт же Анын жакшылыгы түгөнүп калбайт. Жакшылык кылгандан Ал эч качан жадабайт. Анын Ниагарадай болгон ырайымы эч качан түгөнбөйт.

«Кудайга кубаныч тартуулаган нерселер» китебинен алынды (172-174-б.)