13-июнь: Ыйсаны ким өлтүргөн?

Jakshy Kabar Media

13-июнь: Ыйсаны ким өлтүргөн?

13-июнь
Ыйсаны ким өлтүргөн?
Жон Пайперден насаат сөз

«Өз Уулун аябастан, Аны баарыбыз үчүн берген Кудай кантип бизге Уулу менен кошо бардыгын бербесин?».

Римдиктер 8:32

Иллинойс штатында мурун жамаат жетекчиси болгон менин бир досум бир күнү аталган штаттын түрмөсүндө абакта отургандардын бир тобуна насаат айтып калыптыр. Анан ал сүйлөп жаткан жеринен токтоп, угуп отургандардан: «Ыйсаны ким өлтүргөнүн билесиңерби?» – деп сураптыр.

Алардын кээ бирлери: «Аскерлер өлтүргөн!» – деп жооп беришиптир. Дагы бирөөлөрү жүйүттөр өлтүргөнүн айтышса, анча-мынчасы Пилат өлтүргөн деген жоопту беришиптир. Андан соң баары унчукпай калганда, менин досум: «Аны Атасы өлтүргөн!» – деп өзү жайбаракат жооп бериптир.

Римдиктер 8:32-аяттын биринчи бөлүгү ушундай дейт: Кудай Өзүнүн Уулун аябастан, өлүмдүн колуна салып берген. «Бирок Ал силердин колуңарга Кудайдын чечими жана алдын ала көрө билүүсү боюнча салынып берилген» (Элчилердин иштери 2:23). Ышайа 53-бөлүмдө мындан да ачык айтылат: «Биз болсо Аны Кудай урду, жазалады жана кемсинтти деп ойлодук… Бирок Кудай Анын кыйналуусун туура көрдү, ошондуктан Ал Аны азапка салды» (Ышайа 53:4, 10).

Же болбосо Римдиктер 3:25те айтылгандай: «Кудай… Машаяктын төгүлгөн канын ырайым курмандыгы катары ишеним аркылуу сунуш кылды». Ыбрайым бычагын алып Ыскакты мууздамакчы болгондо бадалдан кочкорду көрүп калып, токтоп калган сыяктуу, Кудай Ата да Өзүнүн Уулу Ыйсаны мууздамакчы болуп колуна бычагын алган. Бирок Ал Ыбрайымга окшоп токтоп калбай, Ыйсаны өлүмгө кыйган, себеби Ыйса бирөөнүн ордуна чалынган ошол курмандык кочкор эле.

Кудай Өз Уулун аяган эмес, себеби бизди өлүмдөн куткаруунун жана ошол эле маалда акыйкаттык менен ыйыктыкты сактоонун жалгыз жолу ошол эле. Өз кылмыштарыбыздын айынан айыптуу болгон биз мыйзамсыздыктарыбыздын жазасынан, күнөөбүздүн каргышынан качып кутула албай, тозокко кеткенге татыктуу болуп калган элек. Бирок Кудай биз үчүн Өз Уулун аябай, биздин кылмыштарыбыз үчүн Анын колу-бутуна мык кагылып, биздин мыйзамсыздыктарыбыз үчүн урулуп, жазаланып, биздин күнөөлөрүбүз үчүн айкаш жыгачка керилишине жол берген.

Римдиктер 8:32-аят мен үчүн Ыйык Китептеги эң кымбат аят, себеби Кудай Өзүнүн ырайымы менен берген жана Өзүнө бардык нерсени камтыган убада ушуга негизделген: Кудайдын Уулу мен татыктуу болгон жазаны, менин айыбымды, мага карата чыгарылган өкүмдү, мага карата айтылган айыптоолорду, менин каталарымдын жана бузукулугумдун кесепетин Өз денеси менен тартты. Мен улуу жана ыйык Кудайдын алдында күнөөлөрүм кечирилип, Аны менен элдешип, акталып, кабыл алынып, Анын оң жагында түбөлүктүү жана сүрөттөп бере алгыс улуу убадалардын мураскору болуп отура алышым үчүн, Ал ушундай кылды.

«Келечектеги ырайым» китебинен алынды (110-111-б.)