12-июнь: Менин ишенимсиздигиме жардам бер

Jakshy Kabar Media

12-июнь: Менин ишенимсиздигиме жардам бер

12-июнь
Менин ишенимсиздигиме жардам бер
Жон Пайперден насаат сөз

«Мага көрсөтүлгөн ырайымдын негизинде ар бириңерге айтамын: өзүңөр жөнүндө керектүүдөн артык ойлобогула, тескерисинче, Кудай ар бириңерге бөлүп берген ишенимиңерге жараша туура ой жүгүрткүлө».

Римдиктер 12:3

Бул аяттын контексттинде, адамдардын өздөрү жөнүндө керектүүдөн артык ойлонгондугу Пабылды тынчсызданткан. Пабыл бул менменсинүү көйгөйүн чечүү үчүн мындай деген; биздин жашообуздагы Кудайдын ырайымы менен берилген Рухтун касиеттери гана эмес, аларды колдонуп жаткан ишенимдин өзүн дагы Кудай ырайымы менен берген. Ал касиеттердин ар бирин Кудай Өзү белгилеген. 

Ошентип, мактанууга себеп болгон бардык шылтоолор бизден алынат. Эгерде, белек алуу жөндөмдүүлүгүбүз дагы Кудайдан берилген белек болуп жатса, анда биз кантип мактана алабыз.

Бул чындык биздин сыйынуубузга терең таасирин тийгизет. Лука 22:31-32-аяттарда, Ыйса бизге үлгү көрсөткөн. Петир Ыйсаны үч жолу четке какканга чейин, Ыйса ага мындай деди: “Шымон, Шымон! Шайтан силерди калбырдан буудай сыяктуу өткөрүүнү суранды. Бирок мен сенин ишенимиң үчүн сыйындым. Кайра кайрылганыңдан кийин бир туугандарыңдын ишенимин бекемде”.

Ыйса Петирдин баш тартып, күнөө кыларын билсе дагы, анын ишеними үчүн сыйынган. Анткени Ал Кудай гана ишенимди бере аларын билген. Демек, биз дагы Ыйса сыйынгандай, Кудай биздин ишенимибизди жана башкалардын ишенимин бекемдесин деп сыйынышыбыз керек.

Ошентип, жин оорулуу баланын атасы Ыйсага мындай деди: “Ишенем, менин ишенимимди арттыра көр” (Марк 9:24). Бул жакшы сыйынуу, ошондой эле, бул Кудай каалагандай ишенимге биз Кудайсыз ээ боло албарыбызды билдирет.

Келгиле күн сайын мындай деп сыйыналы: “Оо, Теңир, Мага берген ишенимим үчүн рахмат. Ишенимимди арттыра көр. Аны күн сайын өстүрүп, бекемде жана анын кулашына жол бербе. Ишенимим жашоомду жетектесин, ошондо мен бардык иштеримде Сени Улуу Кам көрүүчү катары даңктайм. Оомийин”.

“Кудай ар бирине ишеним ченемин берди” насаат сөздөн үзүндү.