11-июнь: Келечекке болгон ишеним

Jakshy Kabar Media

11-июнь: Келечекке болгон ишеним

11-июнь
Келечекке болгон ишеним
Жон Пайперден насаат сөз

«Кудайдын бардык убадалары Машаяк аркылуу “ооба”».

2 Корунттуктар 1:20

Кудайдын «бардык убадалары Машаяк аркылуу “ооба”» экенине ишенүү – бул Анын убадаларынын сөзсүз аткарыларына ишенүү.

Ага ишенүү жана анын убадаларына ишенүү – бул эки башка ишеним эмес. Ыйсага ишенүү жана Ыйсанын куткаруусуна ишенүү – бул деген Ал Өз Сөзүн аткарарына ишенүү дегенди билдирет. Айкаш жыгачка кадалып өлүп жана кайра тирилген Ыйсадан үмүттөнүү – бул келечекке, түбөлүк жашоого жана эч нерсе бизди Анын сүйүүсүнөн ажырата албастыгына жана биздин жыргалчылыгыбыз үчүн Аны менен биргелешип иштөөгө эч ким тоскоол боло албастыгына ишенүү. Ошол “жакшылык”, биздин эң сонун кенчибиз болгон Машаяктагы Кудайдын сулуулугун жана баалуулугун көрүүгө жана Аны менен канааттанууга жол берет.

Бул бакыт биз үчүн түбөлүккө болот деген ишенимибиз Кудайдын даңктуу ырайымына, айрыкча Кудай Өз Уулун аябастан, Аны барыбыз үчүн берген ырайымына негизделген (Римдиктер 8:32).

Кудайдын рухий сулуулугун Анын мурунку жетишкендиктеринен көрүүгө болот. Айрыкча биздин күнөөлөрүбүз үчүн Машаяктын өлүп кайра тирилүүсү аркылуу Анын бардык убадаларынан көрсөк болот. Анын эң алгачкы ырайымына болгон ишенимибиз – бул Кудайдын биз үчүн ар бир мүнөткө, ар бир саатка ар бир күнгө жана түбөлүктүү кылымдарда көрсөтө турган ырайымына ишенүү.

Келечекте рухубузду Ал Ɵзү гана канааттандыра алат. Эгерде биз Машаякка болгон чыныгы ишенимде жашоону кааласак, анда биз бул келечекке ишенишибиз керек жана ошого ылайык жашашыбыз керек, анткени Машаяк бизди ушундай жашоого чакырган.

Эгерде азыркы ишенимибиз, Машаяктын ичиндеги азыркы жыргалчылыгыбыз, Анын «бардык убадалары Машаяк аркылуу “ооба”» экенинин камтыбаса, анда ал, кызмат кылуу үчүн Кудай бере турган күчкө ээ болбойт (1 Петир 4:11).

Келечектеги ырайымга болгон ишеним тууралуу ой жүгүртүп, Кудайдын убадаларына ишенүү жөнүндө үстүртөн гана ойлонгон ишенимден алыс болууга жардам бер деп Кудайыма сыйынам. Бул сонун жана керемет нерсе.

“Келечектеги ырайым” китептен үзүндү, 206-бет.