10-июнь: Жалкоолуктун себеби

Jakshy Kabar Media

10-июнь: Жалкоолуктун себеби

10-июнь
Жалкоолуктун себеби
Жон Пайперден насаат сөз

«Жалкоо адам: «Көчөдө арстан жүрөт! Аянтта мени өлтүрүп коюшат!» – деп айтат».

Накыл сɵздɵр 22:13

Мен бул аятты минтип айтмакмын: «Коркок адам: «Көчөдө арстан жүрөт! Аянтта мени өлтүрүп коюшат!» – деп айтат.» Бирок бул аятта «коркок» эмес «жалкоо» деген сɵз колдонулган. Демек бул жерде эмоцияны коркуу эмес, жалкоолук башкарат.

Кɵчɵдɵгү арстандан коркуу менен жалкоолуктун кандай байланышы бар? Адатта биз, «Cыртта арстан жүргөндүктөн, бул киши өз ишин жалкоолонуп жасабай жатат» – деп айтпайбыз.

Мунун мааниси жалкоо адам өз ишин аткарбаш үчүн, ар кандай жагдайларды ойлоп таап, кɵңүлдү өзүнүн жалкоолугуна эмес, арстандардан болгон коркунучуна бургандыгында. Эч ким анын жалкоолонуп эртеден кечке үйдө отурганын жактырбайт. Бирок, анын үйдɵ отуруусунун себеби, сырттагы арстан дей турган болсок, анда аны кечирип коюу мүмкүн эле.

Биз бул жерден үйрɵнүшүбүз керек болгон нерсе бул, Ыйык Жазуудагы терең түшүнүккө ылайык, жүрөгүбүз денебиз каалаган нерсени актоо үчүн акылыбызды колдонот. Башкача айтканда, биздин денелик каалоолорубуз акылыбыздын толук иштөөсүнө жол бербейт жана туура эмес болсо дагы, каалоолорубуз туура болуп көрүнүшү үчүн акыл-эсибизди ошондой кабыл алууга жана ойлонууга түртөт.

Жалкоо адамдын кылып жаткан нерсеси ушул. Үйдɵ калууга эч кандай орчундуу себеп жок болсо да, ал үйдɵ калып, ишке барууну каалабайт. Жыйынтыгында ал эмне кылат? Ал өзүнүн жаман каалоосун – жалкоолукту жеңе алабы? Жок, ал өз акылын өзүнүн каалоосун актоо үчүн чыныгы эмес жагдайларды жаратуу үчүн колдонот.

Ыйса мындай деген: «Дүйнөгө жарык келди, бирок адамдар жарыкка караганда караңгылыкты жакшы көрүштү. Анткени алардын кылган иштери жаман эле» (Жакан 3:19). Каалаган нерсебизди ачыкка чыгарбастан жасай беришибиз үчүн, биз караңгылыкты жакшы кɵрɵбүз. Мындай абалда, акылыбыз караңгылыктын заводуна айланып, жүрөктүн жаман каалоолорунан арылуудан коргогон нерселердин, жарым чындыктардын, белгисиздиктин, качуунун, курулай жана жалган сөздөрдүн булагы болуп калат.

Ойлонуп кɵрүңүз жана акылдуу болуңуз. «Жалкоо адам: Көчөдө арстан жүрөт! Аянтта мени өлтүрүп коюшат!» аттуу насаат сɵздɵн үзүндү.